Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Карезо Энрико

Карезо Энрико 25. 2. 1873, Неаполь – 2. 8. 1921, ошол эле жер – италиялык ырчы (тенор). Алгач «Нуово» театрында опера ырчысы катары өнөрүн көрсөтүп, 1895–98-жылы Италиянын көптөгөн шаарларында, 1900–01-жылдары Миландын «Ла-Скала» театрында ырдаган. 1903–20 - жылы Нью-Йорктун «Метрополитен-опера» театрынын солисти. 1898жылдан дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө (Россияда – 1898, 1900) гастролдо болгон, Италияга жыл сайын барып турган. Карезо дүйнөдөгү даңазалуу опералык ырчылардын бири катары мыкты партияларды Герцог, Манрико, Радамес (Ж. Верди «Риголетто», «Трубадур», «Аида»), Фауст (А. Бойто «Мефистофель»), Рудольф, Каварадосси, де Грие (Ж. Пуччини «Богема», «Тоска», «Манон Леско»), Хозе (Ж. Бизе «Кармен») жана башка аткарган. Неаполитан ырларын да өзгөчө берилүү менен ырдаган. Карезо фортепьянодо, гитарада, флейтада, трубада ойногон, таланттуу карикатурист да болгон.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)