Кардиостимуляция

Кардиостимуляция (жүрөктү электрдик стимулдоо) — жүрөктүн кагуу ыргагынын бузулуусунун айрым түрүн атайын приборлор — кардиостимуляторлордун жардамы менен дарылоо ыкмасы. Кардиостимулятор белгилүү бир мезгилге электр импульстарынын туруктуу генератору болуу менен нерв түйүндөрүнүн ишин аткарат. Ал эки негизги бөлүктөн: көбүнчө жүрөк булчуңун (миокард) иштетүүчү электроддордон жана электр берүү булагынан (сымап-цинк батареялары, радиоактивдүү элементтер жана башка) турат. Прибор адатта операция жолу менен туруктуу стимулдоо үчүн орнотулат: электроддор миокардга, ал эми электр булагы курсак, көкүрөк же колтук терисинин астына жайгаштырылат. 70-жылдардан тартып электроддорду кол же моюн венасы аркылуу жүрөк көңдөйүнө (оң карынчага) орнотуу ыкмасын иштеп чыгуу башталган. Электроддун жайгашуусу рентгендик изилдөө менен текшерилип турат. Кардиостимуляторду бардык курактагы оорулууга коюуга болот. Бул операция кардиохирургиялык мекемелерде жүргүзүлөт.

Операциядан кийин врачтын көзөмөлүндө болот. К. жүрөктүн кагуу ыргагы жана кан өткөрүүсү бузулганда жана диагностикалык максатта колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)