Каравшин

Каравшин, Керавшин (согд, ягноб тилдеринде гар – тоо, аб/ав – суу, шин – молдуулукту билдирген мүчө, тоо суусу маанисинде) – Баткен районундагы суу, Исфара суусунун сол куймасы. Узундугу 46 км, алабынын аянты 895 чарчы/чакырым, деңиз деңгээлинен Орточо бийиктиги 3600 м. Түркстан кырка тоосунун Түндүк капталындагы мөңгүдөн башталып, токойлуу капчыгай аркылуу агат. Киндик суусу (оң куймасы) кошулгандан кийин өрөөнү жайылып, жай агат. Ири куймалары: Киндик (оң), Ортоашма (сол). Негизинен кар, мөңгү жана булак сууларынан куралат. Жылдык Орточо чыгымы 5–7 м3/сек, эң көбү июнь–июлда, эң азы февраль–мартта байкалат. Сугатка пайдаланылат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)