Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Каратай кум-шагыл кени

Каратай кум-шагыл кени Ош облусунун Кара-Суу районунда, Ош шаарынан 20 км чыгыш тарапта, Талдык суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1310–1400 м бийиктикте. 1967–69-ж. Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен аймагын антропоген мезгилинде пайда болгон борпоң чөгүндү тоотектер түзөт. Кен аллювий чөгүндүсүнөн пайда болуп, андагы кум-шагыл катмары 3,5 кмге созулуп жатат. Шагыл жакшы жумуруланып, жылмаланган. Кенде ири койташтар 3,7%, шагыл 73,4%, кум 22,9%. Кумдун арасында 12 – 13%ке чейин чаң менен чопо бар. Кендин запасы 7823 миң м3. Кумду жууп, чоподон арылткандан кийин бетонго кошсо болот. Шагылды Ош шаарындагы курулуш мекемелери пайдаланууда.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)