Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Карасан - эмкар

Баш барак | Ветеринария | Карасан - эмкар

Карасан - малдын ар кайсы жерлерине тез аранын ичинде кычырак шишиктерди пайда кылуучу жугуштуу ылаң. Муну менен уй жана кой ооруйт. Ылаңдын козгогучу - абасыз шартта өсүүчү кыймылдуу, спора пайда кылуучу микроб. Спору жер кыртышында ондогон жылдары сакталып кала берет. Бул оору жайыттын чөбү - суусу аркылуу малга жугат. Туура эмес көмүлгөн өлүк нечен жылдар бою карасандын уюгу болуп кала берет. Карасан менен 3 айдан 4 жашка чейинки мал көп ооруйт. Оору малдын жалпы абалы начарлайт, температурасы 41-42 градуска көтөрүлөт. Оттобой, кепшебей калат, деми кысылат. Кээ бир учурларда чычкактайт. Дарты санында болсо аксайт . Бир нече убакыт өткөндөн кийин денесинин ар кайсы жерине кол тийгизбеген катуу жана ысык шишиктер пайда болот. Кийин алардын ортосу муздап, басып көрсө кычырап турат, бирок ооруганы сезилбейт. Шишиктин үстүндөгү терилери некрозго айлангандыктан, ал кара күрөн түскө айланат. Оору 12-18 саатка, кээде 2-8 күнгө созулат да көпчүлүк учурларда мал өлүмгө дуушар болот. Диагнозун ветврачтар аныктайт. Дарылоо: ветврачтар жүргүзүшөт, айылга карантин коюлат. Алдын алуу: мал оорубас үчүн вакцина менен жыл сайын эмдөө жүргүзүлөт.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 3580, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо