Карантин

Карантин — карантин ооруларынын очогунан чыгып, ал жок аймакка таралышына жол бербөөгө багытталган медициналык-санитариялык жана администрациялык алдын алуу чаралары (оорулууну жана аларга жолуккан адамдарды табуу, бөлүү, ал жерге келип-кетүүлөргө тыюу салуу). Италияда (14- кылымда) чума оорусу тараган өлкөдөн келген кемелерди 40 күн өткөнчө портко жолотпой ачык деңизде кармашкан. К. чаралары түрдүү жугуштуу дарттар менен күрөшүү, алдын алуу жана алардын жаңы очокторунун пайда болушуна жол бербөө иретинде жүргүзүлөт. К-дин узактыгы оорунун түрүнө жараша болот. Мисалы, холерада 5 күнгө, ич келтеде 21 күнгө, сарыкта 1,5—2 айга созулат. Эгерде К-ге алынган коллективде же үй-бүлөдө жаңы оорулуу пайда болсо К-дин мөөнөтү ошол күндөн баштап кайта узартылат. Оорунун түрүнө жана анын таралуу чегине жараша үй-бүлө, жатакана, мектеп, оорукана, суу, темир жол, аба транспорттору, аскер бөлүмү, айыл, кыштактын, райондун, областтын, крайдын, республиканын, өлкөнүн аймагы К-ге алынышы мүмкүн.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)