Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Караматов Озодбек

Караматов Озодбек (29. 3. 1964-жылы туулган, Ош облусу, Сузак району, Сузак айылы) – экономика илимдеринин доктору (2005). Ташкент айыл чарбасын ирригациялоо жана механикалаштыруу инженерлер институтун бүткөндөн (1987) кийин инженердик геодезия кафедрасында ассистент, 1990–92-жылдары Акмоло (азыркы Астана) айыл чарба институтунун аспирантурасында окуп, кандидаттык диссертациясын жактаган. 1993–94-жылдары. кайрадан Ташкент инженерлер институтунда, 1994–96-жылдары Прогнозстатмамкомунда, 1996–97-жылдары «Банксугурта» камсыздандыруу компаниясында, 1997–98-жылдары «Марс-МН» АКда иштеген. 1999-жылы Эл достугу университетине ректор болуп шайланган. 2005–07-жылдары ушул университеттин экономика, менеджмент жана бизнес кафедрасында доцент, 2007–09-жылы проректор, 2009-жылдан ректор. 2 монографиянын, 30дан ашуун илимий эмгектин автору. Эмгектери: Рынок земли: реалии и перспективы. Б., 2005, Функционирование и регулирование рынка земли в Кыргызстане. Б., 2008.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)