Каракуш мээ

Каракуш мээ — мээнин бөлүгү. Мээнин кежиге бөлүгүндө, сүйрү мээнин үстүндө жайгашып, аны толук жаап турат. Ортоңку бөлүгү аркылуу бириккен эки бөлүкчөдөн туруп, ак жана боз заттан түзүлөт. Сырткы боз заты (кыртышы) нерв клеткасынан турат. К. мененин борборунда жайгашкан ак затын нерв талчалары түзөт. К. мээнин кыртышы 5 түрдүү клеткадан турган 3 катмардан түзүлүп, ал клетканын төртөө тормоздоочу болуп эсептелет. К. м. үч жуп бутчалары менен мээнин төмөнкү жана жогорку бөлүктөрүнө биригет. К. м-ден келген импульстар туруп туруу, басуу, тең салмакты сактоочу булчуңдарды жөнгө салат жана координациялайт. К. м-ге алкоголь жана башка уу заттар таасир эткенде кишинин кыймыл-аракети бузулуп, басмак түгүл отура албай калат.

К. мээнин тубаса жабыркашы кишиде тең салмактуулуктун, булчуң тонусунун, жыйрылуусунун бузулушуна алып келет, бат чарчайт. Жаныбарлардын К. м-син алып таштаганда шарттуу рефлекстик аракеттери жоголот. К. мээнин белгилүү жерин электр менен дүүлүктүргөндө айрым булчуңдардын тобуна (көздүн, баштын, кол - буттун) кыймыл реакциясын чакырат, вегетатив нерв системасына байланыштуу физиологиялык процесстер өзгөрөт.

Комментариев: 1 RSS

1 Аскар 05-01-2017 21:43

Мен тяжелый атлетика боюнча тренировка кылып турам 2 кун мурун жатып штанга которгонда башым арканы каранан боюнча кылып алдым ошодон бери баштын арка жагы тартышып ооруп жатат , ошого эмне кылсам болот

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)