Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Каракол суусу Кочкор району

Каракол суусу, Кочкор району, Чыгыш Каракол – Кочкор суусунун башаты. Кочкор районунун аймагында. Узундугу 51 км, алабынын аянты 533 чарчы/чакырым. Кыргыз Ала-Тоосунун Түштүк капталынан башталып, кууш тепши сымал капчыгай жана өрөөн аркылуу агат. Ири куймалары: Корумду, үч-Куулук, Ийри-Суу. Булардан башка 30дан ашык майда куймасы жана алабында чакан (аянты 0,01 чарчы/чакырым) көл бар. Жылдык орточо чыгымы 4,76 м3/сек, эң көбү 63,6 м3/сек, эң азы 0,16 м3/сек. Апрелдин аягында кире баштап, сентябрда тартылат. Сугатка пайдаланылат. Сол жээгинен Дөң-Алыш, Кара-Мойнок кыштагы орун алган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)