Каракол шаары

Каракол шаары. (1889-1920, 1939-1991-ж. Пржевальск шаары) - Ысык-Көл облусунун борбору болуп саналат. Ысык-Көл өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө, тескей Ала-Тоонун этегиндеги Каракол суусунун боюнда жайгашкан. Каракол шаары 1869-жылы 1-июлда падышалык бийлик тарабынан эски кербен жолунун боюна (Каракол шаары аркылуу Улуу Жибек жолунун бир багыты өткөн) негизделген. 1869-жылы 2-июлда шаардын негизги көчөлөрү, аянттары, соода жайлары пландаштырылып, казарма жайгаштырылган. 1869-жылы Ак-Суу чебинен гарнизон көчүп келип, жаны аскер чеби Каракол (Каракол суусунун атынан) деп аталган. Мына ушундан тартып уезддин борборуна айланган. 1869-жылдын аягы - 1870-жылдын башында Караколдо 12 менчик үй, 50 майда дүкөн болгон.

1872-ж. Ташкенден жана Туркстандын башка шаарларынан келишкен татар менен өзбектер жашаган. 1887-жылы жер титирөөдөн көп майда имараттар кыйрап, шаар Каракол суусун бойлой жогору курулган. 1888-жылы Борбордук Азияга жасаган бешинчи саякатында орус географы, саякатчы Н. М. Пржевальский Караколдо дүйнөдөн кайткан. Соогу шаарга жакын, Ысык-Көлдүн жээгине коюлган. 1889-жылы 11-мартта падышанын Указы менен Каракол шаары Пржевальск шаары деп аталган. Кыргызстандагы алгачкы метеостанция (Я. И. Каральков 1881-жылы негизделген) жана китепкана иштеп, алгачкы журнал жарыкка чыккан.

Каракол орус жана чет өлкөлүк саякатчылардын Азияны изилдөөчү базасы болгон. Каракол маданий жана өнөр жайлуу борбор. Шаарда 20га жакын чакан өнөр жай ишканалары иштеп, негизинен тамак-аш, жеңил өнөр жайы жана энергетикалык машина куруу өнүккөн. Караколдо балык өстүрүү заводу, Каракол бүт кийим фабрикасы, Каракол кыш заводу, Каракол машина куруу заводу, Каракол электр-техникалык заводу, Каракол темир-бетон заводу, жеңил жана тамак-аш өнөр жайлары иштеп келген. 1992-1993-жылдардан тартып Караколдогу көптөгөн ишканалар, комбинаттар мамлекеттен ажыратылып, акционердик коомдорго, коллективдүү менчикке айландырылган.

Каракол шаары Бишкек, Алматы, Ош, Нарын, Талас шаарлары менен аба катнашы бар болчу. Шаарда алты транспорттук уюм, аэропорт жана Пристань-Пржевальск порту бар. Шаарда ишкер адамдардын чөйрөсү кеңири кулач жайып, кооператив, кичи ишкана жана акционердик коомдор түзүлгөн. Караколдо Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университети, Эл аралык башкаруу институтунун филиалы, Алышбаев атындагы институту, педагогика, медицина, кооперация, музыка окуу жайлары жана кесиптик-техникалык окуу жайлары бар. Ошондой эле шаарда жалпы билим берүүчү 14 мектеп, анын ичинен лицей жана гимназия, мектепке чейинки балдар мекемелери, драм театр, жерге таануу музейи, балдардын музыкалык мектеби, областтык жана шаардык китепканалар, стадион, зоопарк, балдардын спорт мектеби орун алган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)