Каракол шаары

Ысык-Көл областынын борбору - Каракол шаары 1869-жылы падыша өкмөтү тарабынан эски кербен жолунун боюнда негизделген. Азыркы учурда шаарда негизинен кыргыз, өзбек, татар, орус жана башка улуттар жашашат. 1872-жылы Караколго биринчилерден болуп Ташкенден жана Түркстандын башка шаарларынан келишкен 150 адам жашаган. 1890-жылдан баштап Украинадан, Россиянын борбордук губернияларынан жана Волга боюнан келгендер отурукташып, 1897-жылы шаар калкы 8 миңден ашып, 1913-жылы эки эсе көбөйгөн. Шаарда 1881-жылы Я. И. Корольков негиздеген Кыргызстандагы алгачкы метеостанция, калк китепканасы (1905) иштеген жана биринчи «Пржевальский сельский хозяин» аттуу айыл чарба журналы жарыкка чыккан. 1918-жылы жети мектеп, аялдар гимназиясы, эркектер окуу жайы, орус-тузем мектеп-интернаты, төрт медресе жана ар түрдүү уюмдар иштеген.

Орус жана чет өлкөлүк саякатчылардын Азияны изилдөөчү базасы болгон. Революцияга чейин шаардагы жана чет жакалардагы булгаары жана пиво кайнатуучу заводдору, кой терилерин иштетүүчү, май чыгаруучу ишканалар Пишпек шаарына караганда көп дүң продукция берүүгө жетишкен. Азыркы мезгилде Караколдо темир бетон, кирпич заводу, сыра, мөмө-жемиш консервалоо, эт, сүт жана нан, турмуш-тиричилик, мебель комбинаттары, кийим тигүү, бут кийим фабрикалары жана окуу өндүрүш ишканасы, механикалаштырылган токой чарбасы бар. Республикабыздын башка шаарлары, райондору менен автомобиль, суу жана аба жолдору аркылуу байланышат. Азыр шаарда 12 орто мектеп, педагогикалык жана медициналык окуу жайлары, айыл чарба колледжи, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, К. Жантөшев атындагы театр, 7 оорукана, 5 поликлңника, дары-дармек өсүмдүктөрүнүн зоналык тажрыйба станциясы бар. Шаардык парк, край таануу музейи, китепкана, клуб, кино-театрлар ийгиликтүү иш жүргүзүшүүдө.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)