Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Каракөл технологиялык институту

Каракөл технологиялык институту (башкача аты: "Кара-Көл технологиялык институту", орусча - Кара-Кульский технологичекий институт) – Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Кыргызстандын Жалал-Абат облусундагы Каракөл шаарында жайгашкан институту.

Каракөл технологиялык институту 1963-жылы Кыргызстандын Каракөл (Кара-Көл) кыштагында мурдагы Фрунзе политехникалык институтунун (ФПИ) Жалпы техникалык факультети катары түзүлгөн. Ага кечки окутуу системасы киргизилип, бир эле учурда Токтогул ГЭСинин курулушуна катышкан жумушчулардын инженердик адистик боюнча үзгүлтүксүз таалим алышына мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Токтогул ГЭСинин курулушунун башкы инженери Леонид Азарьевич Толкачев бир эле учурда жаңы факультеттин коомдук башталыштагы деканы кызматын аркалаган (1963).

Факультет бара-бара Кыргызстандагы электр кубатын өндүргөн ишканаларды тейлеген инженер адистердин "бешигине" айланган.

1971-76-жылдары техника илимдеринин кандидаты Эрмат Усубалиев факультеттин деканы болгон.

1993-жылдан 2007-жылга чейин факультет Жалал-Абат мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) карамагында болгон.

2007-жылдын август-сентябрында Каракөл инженердик факультети кайрадан ЖАМУдан КТУга кайтарылган.

2007-жылдан тартып азыркы убакытка чейин факультетти техника илимдеринин кандидаты, профессор Нуридин Тажибаевич Ниязов жетектеп келет.



Факультеттин макамы жогорулап, эми ал Исхак Раззаков атындагы КТУнун Технологиялык институту болуп калды.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)