Каракече минералдуу суусу

Каракече минералдуу суусу

Нарын облусунун Жумгал районундагы ичүүгө жарамдуу минералдуу муздак суу булактары. Чаек кыштагынан 40км түштүк тарапта Каракече суусунун оң куймасы Катраңайдын боюнда деңиз деңгээли 3100м бийиктикте жайгашкан.1947-жылы табылып,1960-66-жж. изилденген. Булактар карбон мезгилинин акиташ тектери менен юранын көмүрлүү чополорунун чегиндеги тектон жаракалардан агып чыгат. Каракече минерал суусу жытсыз, газдуу, даамы кычкыл. Химиялык составы боюнча гидрокарбонат, сульфат-кальций-магнийлүү. Эриген түрүндөгү СО2 өлчөмү 1568-2335 г/л. Кургак калдыгы 1,8110 г/л. Каракече минералдык суусунун дарылык касиети кавказдагы көмүр кычкыл газдуу нарзан сууларынан кем эмес. Сууну ичүү менен жергиликтүү эл ичеги-карын, ашказан, ооруларын дарылоого пайдаланат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)