Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Карачев Сыдык

Баш барак | Биографиялар | Карачев Сыдык

(1900, Түп району, Жылуу-Булак айылы -1937, Бишкек) - жазуучу, журналист, кыргыз профессионал адабиятын бапггагандардан. Алгач билимди Караколдогу татар мектебинен алган. 1918-жылы кызыл гвардиячыл отрядга жоокер болуп кирген. 1920-жылы Бухара эмирлигин талкалоого катышкан. 1921—23-жылы Ташкендеги В. И. Ленин атындагы аскер окуу жайында окуган.

1924-жылы «Эркин-Тоо» гезитинде жооптуу катчы. Узак жылдар «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редакциясында, Кыргызмамбаста адабий кызматкер, редактор болуп иштеген. К. адабий чыгармачылыгын татар тилинде ыр, аңгеме жазуудан баштаган. В. И. Ленинге арналган алгачкы ыры 1918-жылы Казанда чыгуучу татарча «Шуро» гезитине жарыяланган.

Көп ырлары «Эркин-Тоо» гезитине чыккан. К. кыргыз прозасы менен көркөм котормосуна негиз салгандардын бири. 1919-жылы анын «Сүйгөнүнө кошула албады», «Үйлөнүүдөн качты» деген повесттери, «Күкүк менен Зейнеп», «Армандуу эки жаш» жана башкалар аңгемелери гезит, журналдарга басылган. 1928—29-жылы «Эрик, таңында» аңгемеси, «Эрксиз күндөрдө» повести, «Теңдик жолунда», «Төрага Зейнеп» пьесалары өзүнчө китеп болуп басылган.

Алгач котормочу катары айыл С. Пушкиндин «Дубровский», «Бекетчи», Л. Н. Толстойдун «Шалпаң кулак» жана башкалар которгон. К. 1937-жылы репрессияланып, атылган. 1955-жылы акталган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 1989, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо