Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Карабуура суу

Карабуура–Талас дарыясынын сол куймасы. Узундугу 64 км, алабынын аянты 797км2. Талас Ала-Тоосунун батыш бөлүгүнүн түндүк капталындагы мөңгүлөрдөн башталат. Алабынын деңиз деңгээлинин орточо бийиктиги 2570м, анда жалпы аянты 8 км майда мөңгүлөр жайгашкан. Жалпы узундугу 470 км келген 193 куймасы бар, ирилери: Тайты, Шилбилисай . Куймалар өзүнчө тармакталган суулардын катарына кирет: Тайтынын жалпы узунун 27 км келген 21 куймасы, Шилбилисайдын 113 км келген 32 куймасы бар, Кууганды–10км, Кайыңды–14км, Сагызганды–12 км, Кой булак – 13 км. Чатынан 15 км жогору Карабуурага оң тараптан суу өткөрүү жөндөмдүүлүгү 4,0 м3/сек болгон Сайбай каналы кошулат. Май–октябрда кирип, ноябрь–апрелде тартылат. Суусу мол июлдун орточо чыгымы 11м3/сек, суусу тартыш февраль – апрелдерде 1,20 м3/сек. Эң көп чыгымы 52 м3/секга жетет. Сугатка пайдаланылат. Карабуурадан суу өткөрүү жөндөмдүүлүгү 5,95 м3/сек келген 8сугат каналы чыгарылг ан. Өрөөнүндө Кызыладыр, Чоң Карабуура кыштагындагы айгашкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)