Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Каработо бий

Каработо бий – кытай уруусунун18-кылымдагы бийи. Кытай жазма даректери боюнча Маматкул бийдин жардамчысы жана кыргыздарды 18-кылымдын 2-жарымында Кетмен-Төбөдөн Талас, Чүй өрөөнүнө көчүрүүгө демилге көтөргөндөрдүн бири. 1758-жылы Таласка көчүп келген кытай уруусун бийлеп, 1200 түтүнү менен Ак-Дөбөдө турган. Орус архив маалыматтары боюнча 1764-жылы кышында Түркстан аймагындагы Каработо бийдин айылына Орто жүз казактарынын султаны Абылпейиз кол салса, 1766-жылы Абылай султан колунан катуу жабыр көрүп, бир баласын жана 9 (7) түтүндү казактарга аманат берүүгө аргасыз болгон. Санжыраларда Маматкул бий менен бугулардын (Тогузбайдын) айылын айыпка жыгып, олжого бир кыз алганы жана андан Асан, үсөн аттуу эгиз балалуу болгону жөнүндө баяндар бар.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)