Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Кара Манас

Кара Манас Өзбек ССРинин Бостон районунундагы айыл. Элдик уламыш боюнча бир замандарда бул жерди Манас баатырдын бир жээни бийлеп турган экен. Ал жээни той берип, Манасты чакырбай коёт. Тойго келген кытай-калмактар тике карап каяша айтар баатырлардын жоктугун көрүп, тойдун чаң-тополоңун чыгарышыптыр. Ошондо карыялар, айыл аксакалдары жашыруун кеңешип, Манаска кабар беришет. Баатыр Манас колу менен келатканын кытай-калмактар алыстан көргөндө эле "Кокуй, кара Манас келип калды качкыла!", — деп чуру-чуу түшүп качкан экен. Ошондон улам бул жер К. М. аталып калыптыр.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)