Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Кара-Кулжа

Кара-Кулжа — топоним."Манас" эпосунда сай, жер жана тоонун аты катары айтылат: "Айдап жылкы сугартып Кара-Кулжа сайына" (Сагымбай Орозбаков, 2. 163), "Адам калбай келсин деп, Кошунуна чакырды Кара-Кулжа, Тарынан, Көкүрөк, Көк-Арт баарынан, Кара-Алма кайкы белинен" (Сагымбай Орозбаков, 2. 206) деген саптардан көрүнгөндөй К.-К. Алтайдан көчүп келген Манастын эли жашап турган жер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында К. - К-нын элдик этимологиясы мындайча чечмеленет:

Кароолдуктун тоосунан

Карыя Бакай абасы

Көмүрдөй кара Кулжадан,

Көбүн атып салыптыр.

Акыр заман журтуна

Кара-Кулжа атагы

Так ошого калыптыр (Сагымбай Орозбаков, 2. 170)...

Капкара болгон Кулжадан

Элүү төртүн атышып...

Баатырлар жолго салыптыр,

Кара-Кулжа атакка

Жер атагы калыптыр (Сагымбай Орозбаков, 2. 288).

Географиялык реалияда К.-К. азыркы Ош областынын түндүк-чыгышында жайгашкан аты уйкаш дарыя жана анын чөлкөмү.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)