Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кара аксак (копытная гниль)

Баш барак | Ветеринария | Кара аксак (копытная гниль)

Кара аксак (копытная гниль) адегенде туяктын салаасын сезгентип, кийинчерээк терен жарага айлантып, туякты туурултуп, ото тез таралуучу ылан. Дарттын ыландаткычы анаэроб тобуна кирүүчү Фузиформис иодозус деген микроб. Алар башка микроорганизмдерге караганда узун, эки учу жоон таякча түрүндө болот. Ылаңдын негизги булагы болуп дарттуу мал эсептелет. Соо малга дарт ылаңдаган койлордон, булганган кык, суудан, тоюттан жана башкалардан жугат. Ылаңдын таралышына булганыч шартта кармалган короо-сарайлар, сапатсыз тоют өбөлгө түзөт. Кара аксак өзгөчө жаз жана мезгилинде кеңири таралат. Ылаңдын букма мезгили 3-6 кун. Ылаң жаны башталганда туяктын салаасы кызарып, жарааттанган терини бозомук ириң каптап кетет. Ушундан баштап ылаңдуу мал аксайт. Дарттын күчөшү менен мал бутун жерге тийгизе албай, көтөрүп басат. Ушул учурда жараат салаалан туяктын ички капталына, таманга чейин жетип, туяктын чирип, сыйрылып түшө баштаганы байкалат. Көпчүлүк учурда кой-эчкилердин эки-үч туягы дартка чалдыгуусу мүмкүн. Мындай кой-эчки ордунан жыла албай жем-чөп жебей, тез арыктайт. Көбүнчө кара аксак жаманын ылаңдаткычы менен кабылдап кетет. Мындай учурда дарттанган жерлери терең жарага айланат да, тарамыш мууздары, кала берсе сөөктөр өлүү тканга айланат. Туяктын жалпы формасы өзгөртүлүп, айыкпас дартка айланат.

Диагнозу. Клиникалык жана эпизоотологиялык маалыматтардын жана лабораториялык изилдөөлөрдүн негизинде коюлат. Акыркы мезгилде люминесценттик метод да колдонулат.

Дарылоо. Ылаңдын белгиси баштаалар менен эле бардык ылаңдуу мал изоляторго бөлүнүп, аларды сиңимдүү тоют жана кургак жайлар менен камсыз кылуу зарыл. Өсүп кеткен туякты кесип, жараланган жерин тазалоо керек. Эгер дарт ырбай элек болсо 50 грамм левомицетин менен 150 грамм уротропиндин аралашмасын салаага себүү жакшы натыйжа берет. Ошондой эле пенициллиндин же биомициндин балыктын майындагы эмульсиясы, ихтиол майларын пайдалануу сунуш кылынат. Эгерде жараат туяктын алдына чейин тереңдеп кетсе, анда аны таза тканга чейин кесип тазалоо зарыл экендигин эстен чыгарууга болбойт. Кара аксак жеңил формада болгондо аэрозолдуу дарылар - кубатол жана хроницин жакшы натыйжа берет. Аларды дарт чалган туякты хирургиялык жол менен тазалангандан кийин колдонушат, көп учурда эки-үч жолу дарылоо толук жетиштүү. Кара аксактын кабылдап кеткен түрүндө ланолин менен иштелген автолдун негизинде жасалган левомицеттин менен фурациллиндин майы жакшы жардам берет. Аны чарбалык эле шартта төмөнкү тартипке даярдоого болот. 1 кг май жасоо үчүн 300гр ланолин, 700гр автол алып, темир идишке салып, 60 градуска чейин эритип, ага 20гр левомицеттин жана 30гр фурацилиндин майда күкүмүн (порошогун) кошуп, тегиз аралаштырат. Туягындагы өлүү тканды тазалап, андан кийин левомицетин менен уротропиндин порошогун салаасына чейин себилет, майдан сыйпап танып коюу керек. 2-3 күндөн кийин текшерилип, дарты айыкпаса, ушул тартипке кайталоо керек. Жогоруда көрсөтүлгөн дарылар менен катар кара аксакка төмөнкүдөй дарылар жакшы натыйжа берет: трициллиндин, дибиомицилдин жана (гексаметилентетраминсульфацилат) балык же вазелин майына даярдалган 10-15%дуу эмульсиясы. Буларды жогорудагыдай эле жол менен өлүү ткандардан тазаланган туяктын үстүнө дарынын эмульсиясына чыланган кебезди коюп, жакшылап танып коёт. Кайталап дарылоону ар бир үч-төрт күндө өткөрөт. Ошондой эле дарт катуу кармап, кара жама менен ырбап кеткен мезгилдерде малдын жараланган туягын дарылоо менен бирге таасири көпкө сакталуучу бициллин-3, бициллин - 5 же дибиомицин антибиотиктерин колдонушат. Бициллин-3,5 дарыларын сетерилдүү физиологиялык эритмеде же дары менен кошо жиберилген эритмеде эритип, ар беш-он күндө бир жолу малдын тирүүлөй салмагынын 1 кг 20-30 мин бирдик ченеминде куят. Дибиомицин 10: эмульсия түрүндө колдонушат, аны глицериндин стерилдүү 30%дуу суудагы эритмесинде же кайсы гана болбосун гипериммундуу сывороткада даярдоого болот. Эмульсияны малдын тирүүлөй салмагынын 1 кг 20-30мин бирдик ченеминде теринин алдына куят.

Сактануу. Кара аксак ылаңын алдын алуу максатында вакцина колдонула баштады. Вакцинаны ноябрь айынан баштап, 30-40 күндүк аралык эки жолу 1 мл ченеминде колдонуу керек. Ошондон кийин гана койлордо иммунитет пайда болот. Вакцина жок болсо ылаңды жоюу үчүн төмөнкүдөй чараларды жүргүзүү керек. Кара аксак дайыма кездешүүчү чарбаларда кеминде эки жолу кой клиникалык жол менен изилденип, создукма дарты бар мал тезинен соо малдын бөлүнүүгө тийиш. Ылаң бар үйүрдөгү бардык кой толук айыкканга чейин же дарттуу кой бөлүнбөй калганга чейин жумасына бир жолу 5%дуу формалиндин же көк таштын 10-20%дуу эритмесинен кечирилиши керек.

Сайтка жарнама жайгаштыруу