Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

кар вальсы

Созу А. Рыскуловдуку

Обону А. Сардарбековдуку

Кызыктай бар эле адатыбыз,

Кыш эрте келсе деп самачубуз.

Кар кечип, каткырып кубалашып,

Кечинде сабактан тарачубуз.

Вальс, вальс, вальс биз менен чимирилип,

Кар вальсын бийлочу жаратылыш.

Карекке чагылган каректерден

Кар кандай жааганын карачубуз...

Кайырма:

Кайрадан бир келер бактыма кыш,

Кайрадан кар кечип каткырабыз.

Боз улан боз туйгун болуп учса,

Ак кууга айланар ак куба кыз.

Жаштыктын жалындуу кучу менен

Жана элек биз анда ушубогон:

Кукуктор сайраса кыш чилдеде

Гулкайыр гул ачкан кышы менен.

Вальс, вальс, вальс кубаныч таркабасын.

Кайрадан кар кечип, узатайын,

Кайдасын классташ-парталашым.

Кайырма:

Жабыркайм чилденин тушунда бу,

Жалгыздык азабы ушундабы?

Жылытам, демиме жылытамын,

Гулкайыр гулумду кышындагы.

Вальс, вальс, вальс. Кар вальсы алып учуп,

Вальс, вальс, вальс. Калдыкпы жанылышып?

Кар кандай жааганын карайлычы

Каректер карекке чагылышып...

Кайырма:

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 1400, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо