Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Капуста туздоо

Баш барак | Пайдалуу кенештер | Капуста туздоо

"Капуста туздоо" боюнча түрлөрү ушул макалада, капустаны түрлүү кылып оңой туздоо рецептери. Капустаны кышка чейин сактоо дайыма эле мүмкүн боло бербейт, ошондуктан аны туздоо, маринаттоо жана андан кышкы салаттарды жасоо керек. Дүкөндөгү маринатталган капустанын курамына ар кандай кычкылдыктарды кошушат, а бул дайыма эле пайдалуу эмес. Мунун оптималдуу түрү капустаны банкаларга туздоо. Макалада орустардын мыкты үйдө жасалуучу рецептери чогултулду. Анда эмесе баштайлы.

Капустаны даамдуу кылып туздоо.
Капуста сабиз менен жакшы айкалышат, дайындалган азыкка сабиз кошумча даам бербестен, аны кооз дагы кылат. Жашыл чөптөрдүн жытын калемпир жана лавр жалбырагы чыгарат. Мындай дайындаманы коркпостон дасторконго койсо болот, ал кооз болуп, ысык тамак алдында берилүүчү сонун ысылык болот.

Керектүү ингридиенттер:

Үй шартында капустаны кантип туздоо керек - рецепт:

  1. Алгач жашылчалар туздалуучу рассолду даярдап алуу керек. Ал үчүн сууну кайнатып, туз жана кантты кошуп, плитада 2-3 мүнөт кармоо керек. Андан соң плитадан алып, жакшылап сууганга чейин коюп коебуз.
  2. Расскол сууганча жашылчаларды дайындайбыз. Капустаны жууп, бир нече бөлүктөргөн кесип, ортосундагы катуусун алып салабыз. Жалбырактарынан калың тамырлууларын алып салабыз. Калганын майда кесинди кылып туурайбыз. Атайын шинковкаларды колдонсо болот, жок болсо бычак менен эле мачайбыз :)
  3. Сабизди жууп, сыртын аарчып, узун жука кесиндиге туурайбыз, корея сабизиндей сыяктуу;
  4. Тууралган жашылчаларды аралаштырып, ширеси чыкканча кол менен кичине катуу-катуу кармалап жумшартабыз;
  5. Дайын болгон жашылчаларды алдын-ала даярдалган, жуулган, бууланган банкаларга кичинеден салып, үстүнө мурч жана лавр жалбырактарын кошобуз;
  6. Андан кийин үстүнө рассолду куябыз, капкагын жабабыз дагы бөлмөдө 3-4 суткага калтырабыз. Анда-санда арасын таза узун таякча менен сайгылап коюуу керек;
  7. Эми банканын капкагын бекем жаап, сактоого муздак жерге коебуз.

Капустаны кызылча менен кантип туздоо керек
"Капуста туздоо" үчүн түрдүү жашылчаларды кошушат. Алар даамдуу жана жыттуу аралашманы алууга жардам берет. Кызылча болсо капустанын даамын толуктап ага укмуштуудай түс берет, өзүңөр билгендей эле капуста кубарган түскө ээ эмеспи. Төмөнкү рецептте кесек туз жана кант эле колдонулбастан, лавр жалбырагы, кара мурч, гвоздика жыттуу жыгачтын бүрлөрү, хрен дагы кошулат. Мындай аралашма табитти ачырып, өтө даамдуу болот.

Керектүү ингридиенттер:

Капустаны рассолдо кантип туздоо керек:

  1. Алгач кайра эле рассол дайындалат, таза сууну кайнатып, ага туз, кант, лавр, кара мурч, гвоздика кошуп сууганча алып коебуз;
  2. Жашылчаны дайындайбыз, капустаны жууп, ортосундагы катуусун алып, калың тамырчалуу жалбырактарын алып салабыз. Каалагандай туурайбыз, жука саманча кылып туураса деле болот, бул мааниге ээ эмес;
  3. Кызылчаны тазалап, анча чоң эмес кубиктерге туурайбыз;
  4. Хрен менен сарымсакты да тазалап, эт туурагыч же теркадан өткөрүп майдалайбыз;
  5. Тууралган капустаны ширеси чыкканча анча-мынча кармалап жумшартып, сарымсак, хрен менен аралаштырабыз;
  6. Аны алдын ала дайындалган банкага салып, кез-кез кызылча кубиктерин кошобуз;
  7. Рассолду куюп, банканын оозун жаап, бир нерсе менен бастырып коебуз, аралашма 2-3 күн туздалышы керек, бул мезгилде кез-кез аралаштырып туруу керек;
  8. Андан кийин дайындаманы капкагын бекем жаап, туруктуу сактоого коебуз.

Кантип капустаны тез туздоо керек
Күз келгенде кышкы салат жасоо мезгили келет, жакшы үй кожойкеси кышкыга абдан жакшы, даамду салат-вареньелерди жасайт. Капустаны туздоонун жөнөкөй рецепти анча убакытты албайт. Эң башкысы жашылчанын сулпусун туураш керек, бул үчүн ашкана комбайнын, терка же шинковка колдонсо болот. Даярдоо оңой, ал эми даамы болсо сонун жегиликтүү. Айткандай эле сабиз кошуп койсо болот, бирок бул сөзсүз эмес, ансыз деле сонун болот.

Керектүү ингридиенттер:

Капустаны банкада кантип туздоо керек:

  1. Салт болуп калгандай эле капустаны жууйбуз, каалагандай туурайбыз, узун-узун кылса да болот, кыска кылса да болот, баарыбир капуста жакшы туздалып, кыртылдагын жоготпойт;
  2. Сабизди жууйбуз, сыртын аарчыйбыз да майда теркадан өткөрөбүз;
  3. Дайындалган жашылчаларга өлчөнгөн тузду салабыз, жакшылап аралаштырып, туздоочу ишике салабыз (таза жуулган, бууланган банка), капкагын жаап, үстүн бастырып коебуз;
  4. Аралашманы муздак бөлмөдө же муздаткычта 3-4 күн кармайбыз;
  5. Андан соң сакталуучу жайга койсо болот.

Капустаны кышкыга кантип туздаса болот, мурч жана сарымсак кошуп
Мындай рецепт менен дайындалган капуста, узакка созулган дайындоону талап кылбайт, ал эми сакталышы болсо, кышкы айлар бүткөнгө чейин сакталат. Рецептке кошулган калемпир жана сарымсак даамын жакшынакай жана кызыктуу кылууга жардам берет. Ачуулугун тууралап кошсоңуз болот. Кышкыга туздалган капуста - витаминдердин куржуну.

Керектелүүчү азыктар:

Капустаны кышкыга кантип туздоо керек:

  1. Жашылчаларды жууп, сырттарын арчып, өтө жука эмес кылып узун-узун туура
  2. Калемпир саадакчасын алгач экиге бөлүп, уруктарын алып салабыз;
  3. Сарымсакты тазалап, майда туурап, жука жалпак кылып туураса да болот;
  4. Бардык жашылчаларды аралаштырып, идишке салып, туз кошобуз;
  5. Дайындалманы суусу чыкканча кол менен анча-мынча мыжыйбыз;
  6. Үстүн бастырып, 3 күндүн ичинде анда-санда аралаштырып турабыз, андан соң даамдап көрөбүз, эгер даамы жакшы болсо, банкаларга салып, сактоого коебуз, эгер тузу азыраак болуп калса, кичине туз кошуп дагы 1-2күнгө коебуз.

Капустаны алма менен туздоонун рецепти
Бул рецептке алманын жашылдарынан, кеч бышкан сортторунан тандап алабыз, мындай алмада кычкыл даам болуп, жашылчалар менен жакшы айкалышат. Андан тышкары бул рецепте кесек туз жана суу керектелет. Бир дайындаганда көп көлөмдө дайындап алса болот. Мындай дайындоодо бардык компоненттер өзүнүн пайдалуу касиеттерин жоготпойт. Бул рецепт дагы "капуста туздоо" убакытын анча албайт.

Зарыл болгон азык-түлүктөр:

Дайындоо инструкциясы:

  1. Капустаны жууп, катуусун алып, каттуу тамырлуу жалбырактарынан арылтабыз анан майда саманча кылып туурайбыз;
  2. Сабизди жууп, теркадан узун-узун кылып өткөрөбүз;
  3. Алмаларды жууйбуз, ортосун алып салабыз, анан жука бөлүкчөлөргө туурайбыз;
  4. Бардыгын кошуп аралаштырабыз;
  5. Сууну кайнатып, тузду кошобуз;
  6. Банкаларды жууп, кайнатып даярдап коебуз;
  7. Аралашманы тыкыс кылып салабыз;
  8. Үстүнөн жылуу рассолду куябыз, темир капкак менен жаап, толук муздаганча тескери каратып, көңкөрүп коебуз;
  9. Дайындалма бир жамада дайын болот, аны жеп көрсө да болот, кышы бою сактаса да болот.

Капустаны кытырак кылып кантип туздоо керек
Капустага кошулган укроп, дайындалмага түс, жаңы чөптүн жытын жана албетте даам берет. Мындай айкалышта витаминдер абдан көп, ошондуктан аны кышы бою жеп чыгуу абдан пайдалуу. Бул учурда алмалар тууралбайт, тоголок бүкүлү бойдон калат. Ошондуктан бул ыкма тез туздаганда жардам берет.

Тиешелүү азыктар:

Ыкмасы:

  1. Капустаны жууп, адаттагыдай катууларынан арылтабыз, ломтик же саманча кылып туураса болот;
  2. Алмаларды жууп, бузулган, курту барларды алып салабыз, таптазаларын гана колдонуу керек;
  3. Сабизди жууйбуз, сыртын ачыйбыз, теркадан өткөрөбүз;
  4. Эми рассол дайындайбыз, ал үчүн муздак сууга кантты, тузду кошуп, криталлдары эригенче аралаштырабыз;
  5. Идиште капустаны, сабизди жана укроп уруктарын аралаштырабыз;
  6. Башка идишке аралашманы салып, анча-мынча таптап, 0,5литр рассол куюп, тыгыз кылып алманын кесиндилерин салабыз, анан кайра аралашманы үстүнө салабыз, рассол куябыз, кайра алманы коебуз, аралашманы салабыз, таптайбыз кол менен, катуу эмес, калган рассолду куябыз, үстүнө табак менен жаап, бастырып коебуз, рассол табактын кырларынан үстүнө чыгат.
  7. Бул абалда аны бир жума кармоо керек, андан соң банкаларга салып сактоого жөнөтө берсе болот.

Эгер туздалган капуста өтө эле туздуу болсо акма сууга жууп анан жесе болот. Туздоо үчүн капустанын кеч бышкан сорттору колдонулат, алар туздалганда кытырак жана даамдуу болот. Мынакей достор "капуста туздоо" боюнча макалабыз бүттү. Өзүңөр көргөндөй баары жөнөкөй. Бир гана нерсе салынуучу банкаларды жана алардын капкактарын сөзсүз таза жууп, кайнатып койгула.

Сайтка жарнама жайгаштыруу