Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Каңшыбек

Каңшыбек — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Кашкардын каны. Аккуу кеп кийип Семетейди издеп Оогандан учуп чыкканАйчүрөк адегенде Кашкарга жетип, "Төгөрөк бышкан наны бар, Төрт булуң болгон тамы бар", отурукташкан, дыйканчылык менен кесиптенип, соода-сатыкта турмуш кечирген элди башкарган К-ти көрөт:

Кербендерин башкарып,

Жолдо жүргөн эме экен,

Боз качырын кекейтип,

Чомго минген эме экен.

Ысык жайды жайлаган,

Басса турса белине

Кетмендей токоч байлаган,

Жору куйрук чоң кетмен

Жонуна салып байлаган (Саякбай Каралаев,"Семетей", 1. 360),— деп сынайт да мындай турмуш көңүлүнө туура келбегенАйчүрөк андан ары сапарын улайт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)