Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Каныкейдин жомогу

Баш барак | Адабият | Каныкейдин жомогу

Каныкейдин жомогу — Семетейдин балбандыгын көргөн кандар аны чоңойтпой жаштайында өлтүрүүнү ойлойт. Манастын энеси токсон бештеги Чыйырды: «Семетейди көрсөт» — деп, Каныкейге жалынат (Манас эпосу).

Каныкей Семетейди үйүнө ээрчитип барып, Манастан калган өтүк, кылыч, тебетей-чепкендерин берип, кандардын арам ойлорун Семетейге айтат. Семетей кандарды сабап туш-тушка кууйт. Семетей токойдогу көмүрчү Сарытаздан элинин, жеринин жайын уккандан кийин, тамак ичпей, сөз сүйлөбөй бир нече күн таарынып жатып калат.

Каныкей аргасыздан «Кечээ атаң Манас Бээжинге барып, Алмамбет, Чубактан, айрылып Коңурбайдан найза жеп, Таласка келип өлдү. Отуз эки жашымда жесир калдым. Атаңдын керээзи боюнча, сени алты арамдан ала качып, мында келгенмин. Эми Таласка баргын» - дейт.

Каныкейдин жомогу (Үзүндү)
Ой, кулунум, угуп ал,
Муңканганым Аксарай.
Муңумду айтам бир далай.
Казылып калган орумду ук,
Караан кылган жетимим,
Кайнап жаткан шорумду ук.
Адам бир болсоң жетимим,
Ичимден чыккан сонунду ук.
Дүнүйөм көрбөй тыйынча,
Чачканымдан келейин.
Таластан качып жөө тентип,
Кулунум, качканымдан келейин.
Кечээ, берениң атаң өлгөндө,
Беренден калган сан дүйнө,
Бет алып кирип алты арам,
Казынаны бөлгөндө.
Булаңды булап алганда,
Алты арам бузукту мыктап салганда.
Эсебим жаман тапканда,
Көкбөрү кылып сүйрөтүп,
Менин эмчегим жара чапканда.
Зарлансам кудай алабы,
Тиледим сендей жалгыз баланы.
Уулум, адырда жылкы ала баш,
Аркада чунак өзүң жаш,
Айкөлүм атаң өлгөндө,
Моминтип таланды көргөн ушул баш.
Жетимим мындан жол тартсаң,
Жер маанисин айтайын:
Букардан чыгып жол жүрсөң,
Ат аябай мол жүрсөң,
Токумдай жерде коосу жок,
Буурсун тийген чийин жок,
Суур казган ийин жок,
Мунарыктап бурчтанган,
Булуң тартып урчтанган.
Кең Букардын кең Ак-Чий,
Кең Ак-Чий деген жер ошол.
Кейип тентип Букарга,
Качып келген мен ошол.
Кебимден кылча унутпай,
Эстеп жүргүн сен ошол.
Кең букардын зор Ак-Чий,
Алты күндө өтөрсүң.
Андан ары барганда,
Күлешендин Гүл-Токой,
Гүл-Токойго жетерсиң.
Гүл-Токойдон кеткенде,
Ары карай өткөндө,
Боз ала чаңгыл,
Боз-Бөлтөк.
Боз-Бөлтөккө жетесиң,
Боз-Бөлтөккө чыкканда,
Балакетиң алайын,
Кулунум, бир ээлигип кетесиң.
Чунак уулум угуп ал,
Көңүлүң жаман бөлүнөт.
Алды жагың карасаң,
Айтылуу Кокон көрүнөт.
Андан ары ашканда,
Боз мойнокту басканда,
Көк өзөндүү бел келет,
Көрсөң мындай жер келет.
Аман-Жолдун бели ошол,
Эсил энең карабет келген жер ошол.
Эчен уруу жол айтам,
Абайлап уулум угуп ал.
Аман белди басканда,
Андан ары ашканда,
Сыр-Дайраны басарсың.
Кемпир менен балаңы,
Керилип куу жан көтөрүп,
Тарчылыктуу күн көрүп,
Таластан тентип кеткемин.
Кыштын кыраан чилдеден,
Мен энекең бей таалай.
Ошол аккан Сыр-Дайра,
Кырк эки тепчип кечкемин.
Сыр-Дайрадан кечерсиң,
Ары карай өтөрсүң,
Чыйырчык, Салар эки өзөн,
Эки өзөнгө жетерсиң.
Олуя өткөн мазар бар,
Кагылайын кулунум,
Зыярат кыла кетерсиң.
Андан ары барганда,
Боз мунарык керүү ошол,
Чалкайыңкы кең өзөн,
Олуя-Ата жери ошол.
Олуя-Ата барганда,
Күн батышты карасаң,
Кара-Балта, Сокулук,
Бүлбүлдөп жону көрүнөт.
Ошолорду көргөндө,
Уулум, көңүлүң жаман бөлүнөт.
Оң колго жетим бурулсаң,
Ээр белдей боз мойнок,
Жорго деген бел ошол.
Энекең... мен кара бет бей таалай,
Жобоп ашкан жери ошол.
Ошол ээр белдей мойнокко,
Чыга көр, жетим, сен ошол.
Ар жак жагын карасаң,
Бөөт-бөөт жер келет,
Бөлтөк-бөлтөк бел келет.
Адыр-адыр жер келет,
Адырмак артуу бел келет,
Жылгындуу Кең-Кол жер ошол.
Күндүзү кымыз, түнү кыз,
Жыргалдуу кыргыз эли ошол.
Ошол элден айрылып,
Каңгырган энең мен ошол.
Атагы кеткен ааламга,
Атаң сенин эр Манас.
Хан ордо тиккен атакең,
Жериң сенин кең Талас.
Ак калпак кийип жардаган,
Элиң сенин көп алаш.
Ак сакалын жайкаган.
Адамдын сырын байкаган.
Акылы артык даанышман,
Бакай деген абаң бар.
Айлымды чаап тентиткен,
Атаң Манас атасы,
Хан Жакып чоң атаң бар.
Чоң дөөлөткө семирип,
Чокчоңдогон элирип,
Кандуу камчы кара кол,
Абыке, Көбөш агаң бар.
Чоң атаң Жакып жоо болуп,
Хан ордом чапты талкалап.
Абыке менен Көбөштөн,
Семетей сени калкалап,
Качып келдим төркүнгө,
Хан атамды аркалап.
Арка мойнуң каткыча,
Ата-тегиң айтпадым.
Канаттууга кактырбай,
Карегимдей сактадым.
Опол тоодой жетилдиң,
Орундалды максатым.
Атаң Манас күмбөзү,
Кең-Кол ата оюнда.
Алмалуу булак, шумкар таш,
Ашып түшчү жолуңда.
Токсон миң эркеч майында,
Кыш бышыртып бек салдым.
Канча кылым өтсө да,
Козголбосун деп салдым.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 15132, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-04
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо