Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Каныкейдин Тайторуну чаптырышы

Баш барак | Адабият | Каныкейдин Тайторуну чаптырышы

Каныкейдин Тайторуну чаптырышы — Каныкей Семетейди көтөрүп, Чыйырдыны ээрчитип Букарды көздөй качат (Каныкейдин Букарага качышы жана Бакайдын сөзү). Ал жерге барганда, атасы Темиркан Каныкейге үй, жай мал бөлүп берет.

Семетейди таякеси Ысмайыл багып алып, жетиге чыкканда окутат. Семетей шок чыгып молдо, кожо-эшендерди сабай баштайт. Темиркан той берип, Семетейди кан көтөрөт. Тойдогу күрөштө Семетей Төө балбандын колун сууруп өлтүрөт.

Каныкей: «Семетей келечекте эр болуп Манастын ордун басар бекен» деген үмүт менен алтымыш асый Тайторуну төлгө кылып чабат, эркекче кийинип, өзү атты сүрөөгө аттанат.

Ысмайыл Каныкейдин бул кылыгына намыс кылып: «Эжең карган атын чаап, элге шылдың болду, башын кесип кел» - деп Семетейди жумшайт. Семетей балбандары менен Каныкейдин башын алууга камданып жолун тосуп турат. Семетей ошо кезге чейин Каныкей өз энеси экенин биле элек болчу. Семетей жесир эжесине боору ооруп, Тайторуну сүрөшүп чыгарып алат.

Каныкейдин Тайторуну чаптырышы
«Кимдер каалап койчу экен,
Мендей жесир катынды.
Төлгөгө чаап көрөйүн,
Тайтору тулпар атымды!
Чаба турган Тайтору
- Кетмен туяк, кең соору,
Кенен жердин малы эле.
Чыгып калса Тайтору,
Букарга кызык салайын.
Батаңды берчи, энеке,
Падыша атам алдына,
Эркекче болуп барайын.
Дубаңцы менден аяба,
Үмүткөр болгон балаңа!
Медерим, менин энекем,
Каршылык кылбай, кайгырбай,
Батаңды бергин берекем!»

Ак байбиче Чыйырды,
Кол көтөрүп барбайып,
Күрсө-күрсө жөтөлүп,
Алда деп колду көтөрүп,
Жараткан деп жар ыйлап,
Бир кудайга зар ыйлап,
А дүйнө кеткен Манасты,
Колдой көр деп дагы ыйлап.
Ажыбай, Бакай эки кан,
Ар иш кылып колдой көр,
Айланайын бир кудай,
Балам, Каныкей ишин оңдой көр
Алмамбет, Чубак эгизим,
Жесириме көзүң сал,
Сыргак, Серек теңизим,
Бу жеңеңди сүрөп ал!
Алтымыш түрдүү кожосан
Кырк эки кызыр, илиястар,
Ишин кудай оңдочу,
Жесиримди колдочу!
Жесир байкуш баламды,
Айланайын бир кудай,
Жан деп кудай жаратсаң,
Жер каратып койбочу!
О, Каныкей, кулунум,
Тилегиң кудай берсинчи,
Ушу турган Тайторуң,
Букарга чыгып келсинчи!
Муну мындай таштайлы,
Каныкейдин иниси,
Кан Ысмайыл баатырдын,
Кылыгынан баштайлы.
Карт буурадай күркүрөп,
Каарын көргөн адамдар,
Карай албай зиркиреп,
Капалуу баатыр Ысмайыл,
Калк ичинен кеп угуп,
«Бузулган катын Каныкей,
Букарда жатып ээлигип,
Атын чапты» - деп угуп.
Жесир жүрүп жээлигип,
Ат чабам деп ээлигип,
Сегиз кандан эл издеп.
Болбой калган кезиби?
Эрге көөнү бузулуп,
Оңбой калган кезиби?!
Каныкейди көргөндө,
Кан эмеспи Темиркан,
Көрүп алып тардыкты,
Көп бек кейип ардыкты.
Каныкейге таарынып:
Эй, Каныкей, кулунум,
Атыңдын оозун бура тур,
Өткөрө башың барыңда,
Кулунум, өзөнгө бойлой конбочу.
Өлөрман катын дедиртип,
О, Каныкей, кулунум,
Калкка шылдың болбочу.
Бел байлаган белиң жок,
Берен балам, Каныкей,
Бегирээк атың чабуучу.
Белесте турчу кыйкырып,
Белгилүү Манас шериң жок.
Ат чабам деп Каныкей,
Бузулбачы жөнү жок.
Догурунуп Каныкей,
Көп алтын санап таппачы,
Көп канга шылдың бир болуп,
Кулунум, Тайторуну чаппачы.
Сен балам, бел байлаган белиң жок.
Кабылан Манас шериң жок,
Сенин, ат чаба турган жөнүң жок,
Айкырып сүрөөн салуучу,
Ак жолтой кыргыз элиң жок.
Жесир жүрүп кулунум,
Желикпегин жөнү жок.
Ой, Каныкей, кулунум,
Ырыска тууган чунагым,
Сегиз жүз түтүн колуңца,
Каныкей, жан кордугун тарттыңбы?
Төрт түлүктүн баары бар,
Каныкей, мал кордугун тартгыңбы?
Ой, Каныкей, кулунум,
Аркар атса бөздөп ал,
Алакандай Букардан,
Кан башым менен мен өзүм,
Төрт тулпар чаптым көздөп ал.
Өзүм чаптым Актулпар,
Чыгып келсе Актулпар,
Баш байгесин өзүң ал.
Башы менен кошуп ал,
Шаатемир чапты Чоңкүрөң,
Ысмайылдын Чоңкашка,
Көлөйкандын Каракашка аргымак,
Экөөнү таштап бирөөнү ал.
Кимиси чыгып келсе да,
Башы менен, баш байгесин такыр ал,
Мен сенден ат талашсам оңбоюн!
Көзүнүн жашы төгүлүп,
Каныкей туруп муну айтат:
Каркыра деген кайран куш,
Карчыгага жегиздиң.
Капага малган кайран жан,
Качып келсем Букарга,
Атама жесир дегиздиң.
Кууну кушка жегиздиң,
Куруп турган жанымды.
Атама жесир дегиздиң.
Оңбогон атам оңбодуң,
Жесир деп кошо кордодуң.
Кагылайын, атаке,
Сан жыйылган топ беле.
Самаркан, Букар бул шаарда,
Элинен чогуу айрылган
Менчелик жесир жок беле?!
Ата, кагылайын, атаке,
Актулпар чапсаң ал чыкса,
Малдан өлгөн мен канчык,
Баш байгесин алганда,
Не мураска жетейин.
Тоспо, ата жолумду,
Коё бер ата колумду,
Таалайга бүткөн мал эле,
Ушул турган Букарга,
Тайторум чаап кетейин.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 33455, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-04
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо