Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Каныкейдин Букарага качышы жана Бакайдын сөзү

Баш барак | Адабият | Каныкейдин Букарага качышы жана Бакайдын сөзү

Каныкейдин Букарага качышы жана Бакайдын сөзү — Каныкей — Семетейдин апасы. Манас эпосундагы Манас жана анын жакындары каардуу душмандардан каза тапканда Каныкей абдан терең кайгыга батат. Бирок анын акылдуулугу чоң кайгыны жеңүүнү мажбур кылат.

Ал бийликтин башына туруп, ачуусун ичине каткан Манастын айрым туугандары, Каныкейдин чечимдери менен макул эмес эле. Алар улуу баатырдын жалгыз мураскору — кичинекей Семетейди өлтүрүүнү чечишет. Каныкей кичинекей Семетейди сактоо максатында жышыруун өз атасына, Букарага качууга аргасыз болот.

Семетей, Чыйырды үчөө чогуу качышат. Каныкей келечекте боло турган ханды өстүрүп жана Семетейди Манас атасынын ыйык иштерин улантуучу катары тарбиялайт.

Каныкей Букарды көздөй качканда Бакайдын сөзү:

«Тирүү болсоң барарсың,
Төркүнүң таап аларсың.
Төрөдөн калган туякты,
Өз билгениңче багарсың.
Минген атың жоорутпа,
Баатырдан калган туяктын,
Теги эле көөнүн оорутпа.
Киши көзүн салбасын,
Каныкей сөзгө кулак сал,
Киргил болуп калбасын,
Баланы жаман бакканың.
Өзүңө болот жаман ат,
Чыйырды менен Каныкей,
Силерге бала аманат».

Берметтей жашы тизилип,
Жүрөк боору эзилип.
Кайрат кылып хан Бакай,
Калбасын деп кечигип.
Семетейди колмо кол,
Ортосуна алышты,
Кезектешип баланы,
Өөп жыттап канышты.
Бакай менен Сарытаз,
Баруучу жолго бет айтып,
Эки бирдей байталдын,
Басмайылын бек тартып,
Аттанышып жөнөдү.
Каныкей менен Чыйырды.
Айрылышып кете албай,
Агызып жашын кыйылды.
Ак жол тилеп кош айтып,
Абакең Бакай тыйылды.
Карап калган Сарытаз

Хан Бакайга кеп айтат:
«Кайда барып жан сактайм,
Каралдым Бакай - деп айтат.
Мен Манастын тушунда,
Эшик ага эр элем.
Бээжинге бектер барганда,
Беренден кайсы кем элем?
Аркасында Манастын,
Ардакталган шер элем.
Карасаң азыр Манастын,
Караанына зар болдум.
Хан ордодон айдалып,
Арамдарга кар болдум.
Таласта туруп нетейин,
Тал кармап алыс кетейин.
Көрсөтпөйт жакшы ит өлүгүн,
Итчелик жокбу эсебим?
Айкөлдүн уулу келгенде,
Алдынан тосуп жетерин».

Дагы караңыз

Сайтка жарнама жайгаштыруу