Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Каныбек Осмоналиев

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Каныбек Осмоналиев

Кыргызстандын атын дүйнөгө тааныткан атактуу инсандарыбыздын катарында белгилүү спорт чебери да турат. Жаш мезгилинен тарта өмүрүн спортко, болгондо да анын эң оор түрү - оор атлетикага арноону чечкен жаш уландан келечектеги Олимпиялык чемпион чыгаарын ал мезгилде эч ким ойлобогон чыгаар. 1980-жылы Москва шаарында өткөрүлгөн 22-Олимпиялык оюндарга дүйнөнүн көптөгөн булуң-бурчтарынан келишкен эң мыкты спортчулар чогулушту. Алар менен катар эле СССРдин курама командасынын составында Кыргызстандык спортчулар да спорттун бир нече түрлөрү боюнча ат салышты. Олимпиадага катышуу укугун алуу үчүн биздин спортчулар болгон аракетин жумшоо менен, мыкты даярдыктан өтүшкөн эле. Себеби аларды алдыда оор таймаш, катуу сыноолор күтүп жаткан. Бул Олимпиялык оюндардын жыйынтыгында биздин спортчуларыбыз байгелүү орундардын ээси болуп кайтышты. Албетте мындай ийгиликтерге жетишүү жеңил эместиги спорт менен тааныштыгы бар ар бир адамга белгилүү эмеспи. Алардын катарында спорттун оор атлетика түрү боюнча катышкан жердешибиз Каныбек Осмоналиев да бар эле. Бул ийгиликке жетишүү үчүн күн сайын жүздөгөн тонна чоюнду көтөрүп машыгуулар, күчтүү эрк талап кылынган. Эмгек талаага кетпестен, Каныбек Осмоналиев Москва Олимпиадасында 247,5 кг салмакты багындыруу менен, алтын медалдын ээси болуп кайтты.

Мындан тышкары ал дүйнөнүн төрт жолку, Европанын жана СССРдин бир нече жолку чемпиондук титулдарын жеңип алган. Бүгүнкү күндө да Каныбек Осмоналиевдин ишмердүүлүгү спорт менен терең байланышкан. Машыктыруучу катары анын жетекчилиги астында көптөгөн жаштар оор атлетика боюнча дүйнөлүк ири мелдештердин жеңүүчүлөрү болуп келишүүдө. 1999-жылы дүйнөлүк жана улуттук спорт ишине кошкон зор салымын жогору баалап, республикабыздын коомчулугу аны XX кылымдын эң мыкты спортсмени деп таанышкан.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 938, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу