Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кантсыз диабет

Кантсыз диабет — зааранын абдан көп бөлүнүшү жана өтө суусоо менен мүнөздөлгөн оору. Организмден суюктуктун көп бөлүнүшүнө тоскоол кылуучу кандагы вазопрессин гормону азайганда болот. Бул ооруга вазопредсинди иштеп жана канга бөлүп чыгаруучу гипоталамус жана гипофиздин жабыркашы себеп болот (Шилтеме: Эндокрин системасы). Ооруган киши суюктукту көп ичет жана суткасына 4—12 лге, кээ бирлери 30—40 лге чейин заара бөлүп чыгарат. К. д. кант диабетинен айырмасы заарада кант болбойт жана салыштырма салмагы төмөн болот. Организм сууну көп жоготкондуктан оорулуунун алы кетип, териси жана былжыр чели кургайт, арыктайт. Оору өнөкөт болуп көпкө созулат, өмүргө коркунуч туудурбайт. Врач гормон дарылары менен дарылайт.

Көп учурда ооруну өз убагында дарылоо жакшы натыйжа берип, узак убакыт эмгекке жарамдуулук сакталат.

Комментариев: 1 RSS

1 Адамас 15-06-2017 00:15

Кобуроок маалымат жазгылачы ушул тема боюунча

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)