Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кантип кесип тандоо керек

Баш барак | Башкалар | Кантип кесип тандоо керек

Иштерман деген сөз, өзү эмнени түшүндүрөт? Иштерман деген сөздүн мааниси кандай? Бул сөзгө кыскача кайрылып кетсек иштерман, эмгекчил же өз ишин сүйгөн адамды – иштерман деп айтууга болот.

Ар бир адамдын жашоосундагы эң жоопкерчиликтүү кадам бул - келечектеги кесибин тандоо.

Албетте азыркы заманда кандайдыр бир жайлуулукту камсыз кылуучу, сүйүктүү жана кызыктуу кесипти табуу кыйын, ал гана эмес, мындай кесип, жете алгыс жыргалчылык болуп, миңдеген адамдар зериктирме жана кызыгы жок кызмат орундарында күн көрүп, кандайдыр бир стабилдүү киреше табуу үчүн эмгектенүүгө аргасыз. Бирок, бул, көз-караштар медалынын бир жагы, ал эми экинчи жагына кайрылсак, айтып кеткен ой-толгоолор туурабы? баарына белгилүү болгондой сүйүктүү жана ийне-жибине чейин иликтенген кесип потенциалыңарды ачпай туруп, бактылуу болуу мүмкүн эмес. Анткени бул - адамдын жалкоолугу, башка адамдын сөзүнө кирүүсү жана оңой-олтоң ишке көнгөнү.

[ushka=seredina]

Өз кесибиңерди тандоо алдында турсаңар, бир нерсени эске тутуп коюуу зарыл: Дүйнөдө кызыгы жок, же зериктирме кесип болбойт, тескерисинче, бул же тигил кесипке кызыгуунун же шыктын жоктугу болот. Дал ошондуктан мындай жоопкерчиликтүү иште, бирөөнүн оюна кирип, же престиждүүлүктүн жана чоң айлык акынын артынан түшүү туура эмес, анткени, өзүңөрдүн кандайдыр бир кесипке болгон чыныгы кызыгууңар жана жетишээрлик деңгээлдеги ишке болгон шык, кандай гана кесип болбосун, аны чыныгы кызыктуу, кирешелүү жана престиждүү кылат.

Сүйүктүү кесибиңерден укмуштай бийиктиктерге жетүү үчүн, өзүңөрдүн үстүңөрдөн көп иштөө зарыл, дайыма билим деңгээлиңерди тереңдетип, практикалык тажрыйбаңарды кеңейтүү зарыл. Бекеринен айтылбаса керек "Теория менен Практиканын айырмасы, асман менен жердей" - деп. Бирок кесип тандоонун эң оору бул - өзүңөрдүн багыштооңорду, каалоо менен өздүк сапаттарыңарды баамдоо же түшүнө билүү. Качан муну түшүнгөндө кесип тандоо оорчулукту жаратпайт, ал эми жумуштагы ар кандай түйшүктөр өзгөчө кубаттуулук жана оптимизм менен чечилет.

Эгерде ар бир адам өз кесибин, төлөө акысынын чоңдугуна, жумуш шарттарына жана башкалардын сөзүнө карабай, өзү гана кызыккан кесипти тандаса, албетте, мунун «жакшы» залакасы өзүнө, мекемесине, жашаган айылына же шаарына жана мамлекетке тиет. Ал бул өз кезегинде, бул кесиптин ээсинин бакытына алып келет. Ал гана эмес, мындай адамдын жанында жүргөн адамдар да, ал адамдын жакшы жактарын үйрөнүп, өз жумушун энтузиазм менен иштөөгө аракет кыла баштайт.

Көрдүңөрбү, сүйүктүү жана кызыктуу кесиптин мүмкүнчүлүктөрүнүн масштабы кандай зор. Жана эгер, талыкпай эмгектенсеңер бул масштаб дагы-дагы чоңоё бермекчи.

Жакшы болуу – аста, аста! Зерикпегиле, талыкпагыла, коркпогула илимге таянгыла ошондо гана биз Кыргызстанды алга сүрөп, жаркын келечекке умтулабыз! Эң башкысы иштерман болгула!

Жайгаштыруу: 2016-12-22, Көрүүлөр: 2956, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-08-24
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу