Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кант

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Кант

Кант жонундо маалымат. Илгери кантты бал камышынан гана жасашкан. Ал климаты жылуу жана нымдуу Индия, Кытай өлкөлөрүндө гана өскөн. Кант сейрек учуроочу азык болуп, өтө кымбат турган. Көп өлкөлөрдө анын ордуна балды, зараңдын, кайыңдын, липанын таттуу ширесин колдонушкан. Бал камышты алмаштыруучу өсүмдүктү тапкыча далай мезгил өттү. 19-кылымдын башында гана Россия менен Германияда кант же орусчасы сахар кызылчасынан кант жасоочу алгачкы заводдор курулду.

Азыр дүйнөдөгү канттын дээрлик жарымы кызылчадан алынат. Кызылчаны автомашиналарга жүктөп келип кант заводунун жанындагы бетондолгон терең чуңкурга төгүшөт. Атырылган суу менен аны чоң имаратка агызып барышат. Бул жерде кызылча ар кыл машиналардын карамагына өтөт. Машиналардын бири аны күрөп алат, экинчиси жылуу сууга жууйт, үчүнчүсү майдалап кесет. Кызылча аппак үлпүлдөгөн кырындыга айланат. Бул кырынды транспортёр аркылуу жабык, жумуру чоң идишке келип түшөт. Анда дайыма ысык суу болот. Бул жерде кырындыдан таттуу шире бөлүнүп чыгат.

Бирок бир таң калыштуу жери: кырынды аппак, шире болсо капкара. Көрсө кант кызылчасында же шекер кызылчасында алма менен картошка сыяктуу эле аба же сууга урунганда карайып кетчү заттардан тазалоо керек, антпесе кант кара болуп калат. Ширени тазалоо үчүн аны түтүк менен агызып, зор идиштерден жана ар кыл аппараттардан өткөрүшөт. Алар аркылуу өтүп, шире таза жана тунук суюктукка айланат. Эми ал катар турган ак мунараларга барууга тийиш. Бул мунараларда ширедеги ашык суу буулантылып чыгарылат, шире коюланып калат. Аны дагы бир жолу тазалашат.

Акыркы мунарада коюу ширеге упадай майда кант чаңчалары кошулат. Кант чаңчалары ширеге жабышып, саргыч кант бүртүкчөлөрүнө айланат. Атайын машиналар бүртүкчөлөрдү жууп, кургатышат. Ошентип кумшекер даяр болот. Шекерден рафинад (чакмак) кант жасашат.

Рафинад өзгөчө мыкты тазаланган дегенди билдирет. Кум-шекерди кайра эритип, тазалап, бизге белгилүү кант бүртүкчөлөрүн алышат. Бул кумшекер кургай электе автоматка жиберилет. Кумшекер бардык жагынан кысылат да, төрт кырдуу кесинди болуп пресстелет. Кесиндилер транспортёрдун тасмасында жылган бойдон меш аркылуу өтүп кургап катат. Андан соң кесиндилер чоңдугу бирдей чакмактарга бөлүүчү станокко барат. Даяр чакмак кантты механикалык колдор тез эле ороп кутучаларга салат. Сахар дейбизби, кантбы же шекерби, ал жонундо маалыматыбыз ушундай. Кошумча шилтеме: Кант, Кант шаары жонундо

Жайгаштыруу: 2018-04-03, Көрүүлөр: 1648, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-04-03
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо