Кангелдиева Айгүл Аманбековна

Кангелдиева Айгүл Аманбековна (11. 1. 1960-жылы туулган, Талас району, Көпүрө-Базар айылы) – медицина илимдеринин доктору (2005). Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтун (1983), Эне жана баланын саламаттыгын сактоо боюнча бүткүл союздук илимий изилдөө борборунда (Москва) аспирантураны бүтүргөн (1988). 1988-жылдан Кыргыз акушерлик жана педиатрия Илимий Изилдөө институтунда улук илимий кызматкер, 1991–97-жылдары ошол эле институттун гинекологиялык эндокринология бөлүмүнүн башчысы. 1997-жылдан Кыргызстан адам репродукциясы илимий борборунун директору. А. Кангелдиева гинекология жана акушерлик боюнча адис. 80ден ашык илимий иштери, анын ичинде 1 монографиясы жарык көргөн. Эмгектери: Гинекологическая заболеваемость в репродуктивном возрасте и патогенетические варианты нарушений эндокринной функции репродуктивной системы. Б., 2003.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)