Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Канаттууларга витаминдердин жетишсиздиги (авитаминоз)

Баш барак | Ветеринария | Канаттууларга витаминдердин жетишсиздиги (авитаминоз)

Витамин латын тилинен которгондо жашоо деген мааниде айтылат. Канаттуулардын жеген тоютунда витамин жетишсиз болсо, канаттуулардын бардык түрү ооруйт, өтө керектүү витаминдер А, Д, В-1, В–12, Е ж. б.

А витамини жетишпесе жөжөлөр чоңойбой калат.
Д витамини жетишпесе сөөктөрү кыйшык өсө баштайт (рахит).
В–1 витамини жетишпесе жакшы баса албайт, темтеңдейт.
В–12 витамини жетишсиз болсо денедеги зат алмашуу кыймылдары бузулат, тооктор өзгөчө короздор өздөрүнүн тоокторун чокуганы байкалат.
Е витамини жетишсиз болсо, жөжөлөрдү кутурмага окшош ооруга чалдыктырып, короздун урук бөлүп чыгаруу жөндөмүн төмөндөтөт.
К витамини жетишсиз болсо кокцидилердин патогендүү таасирлери күчөп, каннибализм (бири-бирин жеп баштайт) пайда болот.

Оорунун себебин аныктоо
Жөжөлөр чоңойбойт, бири бирин чокуй баштайт, кок мээ сыяктуу айланат, баштарын аркага же алдыга таштап, басуу жөндөмү начарлайт.

Дарылоо жана алдын алуу чаралары
Көк чөп берүү, сабиз, балык майы, улпак, угут, сөөк уну, чалкан, өндүрүлгөн дан жана башка кошумча тоюттарды берүү, өзгөчө жаш жөжөлөрдү башынан баштап туура тоюттандырууга аракет кылуу керек. Жатагын кургак жана таза кармоо.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 664, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу