Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Канаттуулардын сальмонеллезу (паратиф)

Баш барак | Ветеринария | Канаттуулардын сальмонеллезу (паратиф)

Аталган оору менен бардык канаттуулар ооруйт. Ооруган канаттуулар ичи өтүп, көздөрү ооруп өтө арыктайт, өзгөчө өрдөк, каздын жөжөлөрү сезгич келишет.

Оорунун себептери.
Бактерия 2-3 микрон +35 +37 градус жылуулукта жакшы өсөт, бактериянын куйруктары болот. Бул бактериянын 800дөн ашуун түрлөрү бар. Паратиф бактериясы канаттуунун кыгында 200 күн, топуракта 80 – 100 күн, жумуртканын кабыгында 20 күнгө чейин, этте 5 айга чейин жашай алат. Бактерия 2-3%дуу кычкыл натрий, 20%дуу жаны өчүрүлгөн акиташ, 5%дуу хлор эритмелерине туруштук бере албайт. Булайтылган ыкмалар бактерия менен күрөшүүдө жардам берет. Оорунун буктурма мезгили 1-7 күн.

Оорунун булагы
Ооруган өрдөк, каздар 2- 2,5 айлыкка чейинки (балапандары), суу, жем, чөп, жаткан жери жана башкалар.

Оорунун таркатуучулары
Оорулуу канаттуулар, меймандар, тоют, адам, кемирүүчүлөр, канаттуулардын ичиндеги мите курттар оруунун өрчүшүнө өбөлгө түзөт.

Оорунун себебин аныктоо
Оору эгерде акырын өтсө сырткы белгилеринен биле болот. Ал эми тез жана өтө тез формада өтсө, анда белгилери билинбей эле өлүп калышат. Жөжөлөр (өрдөк, каздар) өлөөрдүн алдында чалкасынан түшүп калышат, чычкактайт, көздөрүнөн жаш агат, чылпактайт, жакшы баса албайт, жем жебей калат.

Дарылоо
Биомицин, левомицетин, синтомицин, фуразолидон, байтрил, байкокс, биовит, биоветин (дарыларды берүү өлчөмдөрү инструкцияларында). Жаткан жерин тазалоо, дезинфекциялоо. Начарларын союп, калгандарын дезинфекциялоо керек

Алдын алуу чаралары.
Сырттан келген канаттууларды 10-15 күн өзүнчө багуу (карантин). Эгерде акыркы жылдарда бул оору катталса (айыл жеринде), анда күздө, жазда, эки жолу, эки жылга чейин вакцинациялоо керек.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 594, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо