Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Канаттууларды элдик ыкма менен дарылоо

Канаттууларды элдик ыкма менен дарылоодо негизинен дары өсүмдүктөр колдонулат. Дары өсүмдүктөр – медициналык жана ветеринардык дарылоо же ооруну алдын алуу максатында колдонулуучу өсүмдүктөрдүн тобу. Кийинки жылдары дары өсүмдүктөргө жана алардын негизинде даярдалган препараттарды колдонууга болгон кызыгуу арбууда. Дары дармек өсүмдүктөрүнө кызыгуунун себеби, алар менен дарылоодо кошумча терс таасирди пайда кылбай, канаттуулардын организмине жеңил таасир көрсөтүүчү биологиялык активдүү заттардын болушу, ошондой эле ууландыруучу заттардын аздыгы.

Жогоруда айтылгандай дары өсүмдүктөр синтетикалык, химиялык жол менен алынган дарыларга караганда зор мааниге ээ. Ошондуктан химиялык жол менен жасалган дарылардын көп түрдүүлүгүнө карабастан, өсүмдүктөрдү элдик ыкмада пайдалануу дайыма маанилүү бойдон кала берет. Ушул өсүмдүктөрдү жыйноодо, окуп үйрөнүүдө, пайдаланууда көп кыйынчылыктар келип чыгууда. Анын бирден бир себеби, өлкөбүздүн өз эне тилинде жазылган китепчелерибиздин, көрсөтмө куралдарыбыздын аздыгы.

Ошондуктан үй шартында колдонууга оңой болгон дары өсүмдүктөрдү таанып билүү, өскөн жерин дарылык касиетин, кургатуу, сактоо ыкмаларын үйрөтүү зарылчылыгы турат. Эгерде бул өсүмдүктөрдү чаржайыт, эсепсиз бүлдүрүп жыйнай берсек, ал өсүмдүк жок болуп кетүү коркунучуна дуушар болот. Дары өсүмдүктөрдү жыйноонун, даярдоонун эрежелерин туура сактаган учурда гана дары өсүмдүктүн мыкты сырьёсун (чийки зат) жыйнап аларыңыз шексиз. Ошондуктан дары өсүмдүктөрдүн кайсы органы жыйнала турганын, жылдын кайсы убагында, кандай жыйноо ыкмаларын, өскөн жерин толук билүүбүз зарыл. Дары өсүмдүктөрүнүн дарылык касиети өсүмдүктүн бардык органдарында: тамырында, тамыр сабакчасында, уругунда, гүлүндө, жалбырагында, жемишинде болот.

Дары өсүмдүктөрүнүн ар кандай органдарын жыйноо боюнча эрежелер:
Чөптү: аба-ырайы ачык, кургак учурда, шүүдүрүм кеткенден кийин эртең менен, өсүмдүктүн гүлдөгөн учурунда жыйнашат. өсүмдүктүн чөбүн орок, бычак, атайын жасалган кайчы менен оруп, кесип алышат. Дары чөптөрдү жыйноодо тамыры же тамыр сабагы менен жулуп алууга болбойт, бул өсүмдүктүн азайып кетишине дуушар кылат.

Бүчүрлөрүн: көөп (көбүп) чыкканда, бирок ачыла элек учурунда жыйнашат. Жалбырактары ачылган бүчүр дарылык касиетке ээ эмес. Бүчүрдү жыйноодо курч бычак менен былтыркы жылдын сабагын 2-3 мм өлчөмдө бүчүрү менен кошо алат.

Кабыкты: өсүмдүктүн жаш убактарынын ширеси көп мезгилде, Бүчүрлөр көбө баштаган учурда эрте жазда жыйнашат. өсүмдүктүн кабыгын даярдоо үчүн курч бычак менен жарым шакекче түрүндө туурасынан аралыгы 23-30 см кесишет дагы, узунунан 2-3 см кесинди түрүндө жарым шакекчелерди кошот. Кесиндини акырындык менен сыйрып алышат.

Жалбыракты: жыйноодо жай бою өсүп жетилген, урунду болбогон, илдетке чалдыкпаган, саргарбаган жашаыл жалбыракты кол үзүп же кайчы менен кесип алып жыйноо керек.

Гүлдү жана гүл тобун: өсүмдүктөр жаны гүл ача баштаганда, гүлдөрүнүн өнү ачык, анча күбүлбөй турган мезгилде гүл сабагы менен бирге үзүп жыйнашат. Гүлдөрдү негизинен жаан-чачынсыз аба-ырайынын ачык күндөрүндө жыйноо талапка ылайык.

Тамыры жана тамыр сабактарын өсүмдүк уруктанып бүткөндөн кийин, өсүмдүктүн жер үстүндөгү бөлүкчөлөрү соолуп куурай баштаганда кеч күздө же эрте жазда жыйнашат. Бул өсүмдүктү жанылбай таанып калуу үчүн гүлдөгөн убакта чалгындоо жүргүзүп, аны кандайдыр бир белги менен белгилеп коюш керек. Тамыр жана тамыр сабактарын күрөк менен казып алышат, топурактан тазалап, тез аранын ичинде муздак суу менен жуушат. Жуулган тамырды, тамыр сабакчаларды кургатууга ылайыктап, жоон тамырларды жара кесип, майдалап бөлүү сунуш кылынат.

Мөмөлөр жана уруктар бышып жетилгенине жараша кол менен үзүп, сабагынан ажыратылып жыйналат. Эгерде бышып жетилген мөмөлөр же уруктар жерге күбүлүп түшө баштаса, бул учурда өсүмдүктүн мөмөсү же уругу бар бөлүгүн кесип, мөмөсү толук бышып жетилгенче боолап коюшат.

Ширелүү мөмөлөрү (ит мурун, бөрү карагат) – эртең менен эрте же кечинде этияттык менен эзбей жыйнашат. Терилген мөмөлөрдү чүпүрөк менен катталган себетчелерге салышат да, ар бир кабатына эзилип кетпеш учун чөп же майда бутактар коюлат.

Дары өсүмдүктөрдү кургатуу.
Өсүмдүк сырьёсунун баалуулугу жана сапаты туура жыйнап алган сыяктуу эле, кургатуу ишине да көз каранды болот. Жыйналган сырьёну көп убакыт өткөрбөй кургатуу керек, антпесе сырьё борсуп, карарып, сырьёнун сапаты начарлайт. Сырьёну кургатуудан мурда полго же таарга жука кылып жайып сорттойт, кокусунан түшүп калган топурактан, таштан, өсүмдүктүн карарган, курт – кумурска жеген бөлүкчөлөрүн ажыратат.

Дары чөптөрдү кургатуу ыкмасы экиге бөлүнөт:
1. Табигый кургатуу. Күндүн нуру тийбеген көлөкөдө, жакшы желдеп туруучу жайларда, үйлөрдүн чатырларында, бастырмалардын астында кургатышат. Кургатууда сырьёнун алдына фанера, таар, кагаз төшөп 1-2 см сырьёну жайып күнүнө 3-4 оодарылып турат. Кургаган бөлүгүн күнүгө жыйнап алып, жабык жайга сакташат. Күндүн тике тийген нурунан сырьё өзүнүн табигый өңү-түсүн жана пайдалуу заттар топтомун (запасын) жоготуп коюшу мүмкүн. Күндүн нуруна өсүмдүктөрдүн тамырын, тамыр сабакчасын кургатууга болот.
2. Жасалма кургатуу. Атайын жылуу кургаткычтарда 60-80 градустан ашык эмес температурада кургатылат. Орус мештерин жагуу менен духовкаларды колдонсо болот. Кургатуу учурунда бир нече жолу оодарып, аралаштырып туруу керек.

Дары чөптөрдүн кургаганын аныктоо. Кургаган даяр сырьё – тамыр, тамыр сабак, кабык жана сабактан турса, алар чорт сынат, ийилчээк болбойт. Жалбырак жана гүлдөр упуранып, тез майдаланат. өтө кургатуунун эч кандай зарылчылыгы жок, Жакшы кургатылган сырьё эч убакта өзүнүн өңүн жоготпойт, сапаты дагы жогору болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)