Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Канаттууларды багып остуруу

Баш барак | Ветеринария | Канаттууларды багып остуруу

Жакшы тооктор бир жылда 300дөй жумуртка туушат. Тооктордун жумуртка туушу алардын жашына, ден соолугуна, тоютуна, багуу шартына жараша болот. Тоокту жалан дан (буудай, арпа) менен тоюттандырса аларга белок (протеин) жетишпей калып ден соолугу начарлайт, жумуртка туушу азаят. Ал үчүн аларга сүт продуктуларын (быштак, сут, көк сүт), эт, балык, буурчактар жана жаны көк чөп майдалап бериш керек. Канаттууларды бакканда сөзсүз витаминдерди эске алыш керек. Витамин А жетишпесе, алардын өсүүсүнө зыян болуп, организмдин коргонуу касиеттери начарлайт. Ошол үчүн сабиз, көк чөп, сүт, балык майы, майдаланган карагайдын бүчүрлөрүн (ийнелерин) бериш керек. Витамин Д жетишпесе рахит болот, ал үчүн балыктын майын берип, же күнгө чыгарып жайыш керек. Витамин Е жетишпесе жыныс органдары ооруйт. Бул витамин жашыл тоюттарда көп болот. Жумурткадан балапан чыгыш үчүн бир короозго 10-12 тоок туура келиш керек. Инкубацияга 5-6 күнгө чейинки жумуртка керек. Жумуртканы +8+18 градус температурада учтуу жагын ылдый каратып тизип сакташ керек. Бир тоок басканда 13-15 жумуртка, үндүктүкүн 8-10 жумуртка салыш керек. Эгерде үндүк басса 21-23 тооктун жумурткасын, өзүнүн 18-20 даанасын салса болот. Балапан чыкканда 1 чарчы/метрге - 16-18 балапан жайгаштыруу керек, үндүктүн балапандарына 1 чарчы/метрге - 10-12 баш. Бастырганда же инкубаторго салганда жумурткалар таза, сыныгы жок, бир салмакта (чондукта) овоскоптон караганда эч дефектиси жок болуш керек.

Балапандар үчүн жылуулук:

Балапандын жашыТемпература
Тооктун балапаныҮндүктүн балапаны
1-530-2931
6-728-2631-30
11-2025-2329-27
4-3022-2126-23

Балапандын рациону (орточо) гр:

ТоютЖашы (күн)
1-34-1011-2021-3031-4041-5051-60
Бышкан жумуртка22-----
Көк сүт581520252525
Быштак11,523445
Жүгөрү, арпа22-----
Балыктын же эт-сөөк ун--1,01,42,83,54,0
Көк чөп, сабиз13710131518
Картофель, кызылча--410203040
Минералдык тоют-0,40,71222
Туз-----0,10,2

Тоокторду өз убагында эмдеп туруш керек. Антибиотиктерди ветврачтын кенеши менен берүү зарыл.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 1307, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо