Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Канаттуулар чыгармасы

Бул чыгарма тууралуу казак элинин уулу жазуучусу жана окумуштуусу Мухтар Ауэзов: "Мындай чыгарма менен кандай гана улут болбосун сыймыктана алат", деп бекеринен белгилебесе керек. Чынында эле бул чыгарма кыргыз жеринин куштары жөнүндөгү өзгөчө бир поэтикалык жыйнак деп айтсак болот. Молдо Кылыч табигатты сүйө билген, сергек, баамчыл, уккан-көргөнүн жаза кетирбеген адам болгон. Ошондуктан Молдо Кылыч "Канаттуулар" деген чыгармада ар бир канаттуунун кулкмүнөзүн, өңүн, кооздугун, коркоктугун, күчтүүлүгүн, байкуштугун жана башка сапаттарын сүрөттөгөн. М.: булбулдун сайраганын, таңга жакын сайраган күкүк, адам тилин сүйлөгөн тоту куш, күндүз көзү көрбөгөн үкү, канаттуунун эң күчтүүсү бүркүт, түрү суук жарганат жөнүндө жазган.

Канаттуулар
Сүйлөп сөзүм чачайын,
Сөз килитин ачайын.
Кароолуна келтирип,
Түз шыкаалап атайын.
Жатып чындап жактырам,
Жазбай аткан мергенди.
Катындарда уста көп,
Өрмөк согуп бергенди.
Бул адамзат пендеге
Кайсы жандар теңгелди.
Алтын, күмүш уштаган,
Эрикпеген зергерди.
Канаттуунун баарында,
Миздүү тырмак чеңгелди.
Ит агытып, куш салган, Мүнүшкөрдүн адети.
Кушка себеп учарга,
Узун чалгын канаты.
Кыз баладай кыпыйып,
Кыргыйга такса жагоону.
Аппак болот кебездей,
Ак шумкардын саңоору.
Алып түшөр тоодакты,
Алгыр куштун кырааны.
Илбээсинди куткарбас,
Туйгун куштун чырагы.
Казды басар өрдөктөй,
Кара кашка тынары.
Асман менен кайкыган,
Ылаачындын учкулу.
Бир тепкенде өлтүргөн,
Кара кунас буттууну.
Сайса залал кылалбас,
Көк кытандын тумшугу.
Айтар сөзгө ылайык,
Ылаачындын алганы.
Тепсе жерден учурбас,
Керилип турган турнаны.
Бүркүттөн күчү кем эмес,
Кубатынын долбоору.
Бөпүлөсө, келбеген,
Далбаа менен үндөгөн.
Кара барчын бүркүттөр,
Каршы алдына келбеген.
Коё берсе чукулдан,
Колу менен ирмеген.
Тегиндеги адети,
Айланайын жаныбар,
Тепмейинче жүрбөгөн.
Алла таала кудурет,
Ар түрдүү жан жаратты.
Туйгун куштун тунугу,
Бүркүт куштун улугу.
Канаттуунун берени,
Кыргый жакшы кылыгы,
Тепмейинче албаган,
Ылаачындын ырымы.
Көпөлөктү аңцыган,
Күйкө куштун куниги.
Асмандагы жылдыздай,
Булбул куштун шайыры,
Бүркүт куштун дайыны,
Чабалекей, боз торгой,
Жанга тийген кайыры.
Кара бүркүт тоодактар,
Канаттуунун жайыгы.
Күндүз көзү көрбөгөн,
Үкү куштун майыбы.
Кушка окшош сыягы,
Айры куйрук, кулаалы.
Ылаачынга илдирээр,
Ителгиси бөктөрөр,
Куруп калган байкуштар,
Канаттуунундгарыбы.
Адам тилин сүйлөткөн,
Тоту куштун шайыры.
Жылкычыдай ышкырган,
Чакчыгайдын кымбаты.
Кара кунас мүчөлү,
Каркыранын сымбаты.
Жарашыктуу жаныбар,
Тоту куштун зыйнаты.
Алгыр бүркүт шумкарың,
Адамзаттын урматы.
Кызыл-тазыл кубулган,
Кыргөөлдун канаты.
Болжоп туруп сүйлөгөн,
Молдо Кылыч санаты.
Таңга жакын сайраган,
Күкүк куштун эшени.
Келиштирип айтарга,
Келди сөздүн кезеги.
Ойлоп туруп, эсеп кыл,
Өткөрөйүн нечени.
Кызыл тилдүү куркулдай,
Уяларын байкасаң,
Адам карап тургандай.
Тиктеп туруп тимеле,
Тигип кийим кылгандай.
Ар жандардан устаны,
Жаратыптыр бир кудай.
Күндүз учпай камалган,
Бул жарганат кургур ай.
Түрү суук өзгөчө,
Алда куруп калгыр ай.
Домбурасын күүлөгөн,
Торгой менен булбул ай.
Жан куткарбас учкулу,
Жагалмайым, кыргый ай.
Айтар сөзгө ылайык
Ала чыйырчык жаныбар,
Чегирткенин баарысы,
Бир ушундан кырылар.
Булбул куштун молдосу,
Торгой жакын жолдошу.
Сайрап турган дабышы,
Арген сындуу бормосу.
Мусулмандын майрамы
Айты менен ай башы.
Ала тоодак, турна,
Каркыранын мундашы.
Безилдеген безбелдек,
Кара кашка казгалдак,
Зыяны жок аңырдын,
Суу бойлогон ак чардак.
Уста чымчык куркулдай,
Уя кылар кастарлап.
Сай сагызган ызгытты,
Айтып бердим дастандап.
Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)