Кан топтору

Кан топтору — ар бир кишинин канынын биохимиялык жеке өзгөчөлүктөрү. Бул өзгөчөлүктөр эритроцит белокторунун түзүлүшү түрдүүчө болушуна байланыштуу. Иммунологиялык өзгөчөлүтүнө байланыштуу адамдын каны жынысына, жашына, расасына карабастан 4 топко бөлүнөт. К. т. жөнүндөгү окууну чех илимпозу Янский түзгөн (1907). Кандын тигил же бул тобуна кире тургандыгы эритроцитте А жана В фактор (антигендер, изоантигендер), кан плазмасында а жана р факторлорунун (изоантителолор) болушу менен аныкталат. Кээ бир кишилердин эритроциттеринде А жана В изоантигендер болбойт, ал эми плазмада а жана р изоантителолор болот. Булар I топко (Оа в) кирет.

Каны II топко кирген кишилерде А изоантигени менен р изоантитело болот (Ар). Айрым адамдарда р изоантигени жана а изоантитело болот (Ра). Булар III топко кирет. IV топтогу канда АВ изоантигендери болуп, изоантителолор болбойт (АВО). Эгерде А изоантигени а изоантитело менен же В изоантиген р изоантитело менен кошулса, эритроциттер бири бирине жабышып (агглютинация), андан ары эрийт (гемолиз). Мындай реакция башка топтогу кан куюлганда да жүрөт. Кан куюуда К. т-н аныктоонун мааниси чоң. Биринчи топтогу канды өзүнө окшош топтогу канга жана башка үч топтогу(11, III, IV) канга куюуга болот. Экинчи топтогу канды өзүнө окшош топтогу канга жана III, IV топтогу канга куюуга болот. Үчүнчү топтогу кан өзүнө окшош топтогу канга жана IV топтогу канга куюлат. Биринчи топтогу канды бардык топтогу кандарга куюуга мүмкүн болгондуктан универсалдык донор деп аталат. Ал эми IV топтогу кан өзүнө окшош топтогу кандан башка топтогу кандарга куюуга жарабайт, ага башка (I, II, III) топтогу кандын баары куюлат, ошондуктан алар универсалдык реципинет болушат.

Бирок бири бирине туура келген канды узакка же көп куюунун натыйжасында универсалдык донор деп аталган кан өзүнүн терс таасирин тийгизет, анткени К. т-нан башка изоантигендик реакциялар болот. Кишилердин 85%инин эритроцитинде антигендер (Ш — фактор) болуп, 15%инде болбойт. Ш фактор барлар резусу — оң, жоктор — резусу терс деп аталат. Резусу оң атадан резусу терс эненин боюна бүтсө, түйүлдүктүн атадан тукум кууган антигенинин таасиринен эненин организминде антитело пайда болуп, түйүлдүктүн эритроцитин бузат (гемолиз). Мындай резус — сыйышпастык резусу оң канды резусу терс кандуу кишиге кайталап куйганда да байкалат. К. т. жөнүндөгү окуу жалпы иммунологиянын негизги бөлүгү болуп, айрым дарылоо ыкмасынын (мисалы, кан куюу, органдарды, ткандарды көчүрүү жана башка) негизин түзөт. Ошондой эле хирургия, акушерлик жана гинекология, сот медицинасы, антропология, генетикада кеңири колдонулат. К. т-нун белгилери тукум куума болгондуктан баланын атасын аныктоодо, эненин балдары алмашканда жана башка пайдаланылат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)