Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Каменский Алексей Николаевич

Каменский Алексей Николаевич (29. 7. 1938-жылы туулган—Москва шаары) — КРдин эл сүрөтчүсү (2000)—Москвадагы Строганов атындагы Жогорку көркөм өнөр окуу жайын бүткөн (1962). Кыргызстанга 1962-жылы келген. 1963-жылдан республикалык, Бүткүл союздук жана Эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. 1966-жылдан СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. К. Воронин — С. Бакашев — З. Хабибулин менен бирге М. В. Фрунзенин мемориалдык музейинин имаратынын тематикалык рельефин түзүүгө — Кыргыз мамлекеттик филармониясынын, «Айчүрөк» Борбордук универмагынын жана Москвадагы «Киргизия» кинотеатрынын имараттарын жасалгалоого катышкан. П. Шубин атындагы балдар музыкалык мектебиндеги мозаикалык паннонун — Бишкектеги «Бакыт» үйүнүн, Нарындагы «Ала-Тоо» мейманканасынын чий панносунун жана карапа жасалгасынын—«Күн» жана «Түн» жана башка пейзаждык композицияларынын автору. Каменский станоктук живопись — портрет жана пейзаж жанрларында да эмгектенет. Анын «Кара баткак» (1966)— «Хива. Палван-Дарбаза» (1968)— «Оодарыш» (1970)— «Сүйүнүч» (1972)— «Памир мотиви» (2002) жана башка живопистик чыгармалары бар. К-дин чыгармалары Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринде сакталуу.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)