Камчы

КамчыКамчы — «Булуттай учкан тору айгыр, Бучкакка камчы салганы» («Манас»). Бул — ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Унааны бастырууда (камчылануу) колдонулуучу курал. Камчы: тобулгу (табылгы) сап камчы, элик сап камчы деп айтылат. Камчы сапка көк да, күмүш да, жез да, мис да, калай да курчалат. Аны «бел көк» же бел шакекче дейт. Ал төрт-алты курдай сапка имерилет.

Камчынын камчылана турган жагына түрдүү түстөгү булгаары каптап, анын башына, түбүнө төкмө чачы чыгарылат. Жез, күмүш өңдүүлөр менен чүкүрттөлөт да ал 7—9 талдан болуп, нукумдай жеринен көзөлүп, ичке кайыштан «бүлдүркөн» (25—30 см.) өткөрүлөт. Ат үстүнө камчы түшпөскө бүлдүркөн, адатта, ортон колго илинет. Ал демейде мыкка, же боз үйдүн керегесинен. Камчы башына калай же күмүш кадалат. Аны камчы бөрүк же «бөрүктүн калайы», «бөрүктүн башы» дейт.

Камчынын алаканына көбүнчө кара жана күрөң булгаары капталат. Мунун узундугу 25 смге барабар. Анын да узундугу үч смдей 9— 11 талдан чачысы бар. «Алаканы күмүштөн, Жылаан боор камчы алып» (Эл ыры). Чакан камчынын сабы 42—45 см. болушу тийиш. Камчы саптын ортосунда да узуну беш см дей төкмө чачысы болот. Камчынын алаканы менен белине күмүш чегелеп, «жылдызча», «куш тырмак», «мүйүз», «ийрек», «кыял» сыяктуу элдик оюмдардын элементтерин түшүрүшкөн. Ат жабдыктарына узанып жаткан азыркы чеберлер көбүнчө жезден, калайдан «тумарча» же «төрт бурчтук», же «тегерекче» «көрчөгө» уруп коюшат. Камчы жасоодо өрүмү, сабы жана алаканы үчөө сындан өтөт. Алакан түспөлү ар кандай болушу шарт.

Аны чыгаруу жөнөкөй, бирок, көркөм көрүнүү керек. Бышык да болот. Алакандын маңдайына көрчөгө чаап, анын учу түшкүн менен бекитилет. Эликтин шыйрагын, табылгыны (тобулгуну), ыргайды, текенин мүйүзүн камчыга сап кылат. Текенин мүйүзүнүн маңдай жагын араалап, анын узунун камчы сапка ченеп, дагы узунунан тилип алат. Араа аркылуу аны жумурулайт. (Сууга салып кайнатып жашытып, асты-үстү катуу немеге жаткырып, оор нерсени үстүнө бастырып коет).Эгер мүйүз жакшы катпаса, кайра мурунку нугуна түшүп, ийрейип кетет. Камчынын кооздугу анын алаканын берүүдөн жана чегелөөдөн билинет.

Ага эки кат калың булгаарыны тандап, өзүнчө үлгүдө салынып бычылып, четтери кайылып, ортосунан камчы өзөгү өткөрүлүп тагылат. Камчы сапка алакан шакекчелер, же көк аркылуу бекилет. Аны кандай түрлөнтүп жиберүү — ал устанын чеберчилигине байланышат. Табылгы табыш кыйын. Камчы сап үчүн бук жыгачын пайдаланабыз. Бул жыгач бышык келет да, эч качан өңүн өзгөртпөйт. Азыр белек катары чыгып, дүкөндөрдө сатууда турган камчылардын сабы жоон жана кыска.

Бүктөй кармаганда камчы өрүмү саптан беш-жети см. ашып туруусу керек.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)