Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Камакура

Камакура — Япониядагы музей-шаар. Сагами булуңунун жээгинде, Хонсю аралынын түштүк-чыгышында жайгашкан. Калкы 165,2 миң (2007). Жолдор тоому. Шаардын архитектурасында салттуу жана заманбап курулуштар айкалышып курулган. Будданын (Дайбуцу) колодон куюлган статуясы (1252, бийиктиги 11,5 м), көптөгөн буддизм жана синтоизм храмдары менен монастырлар (Хасэоэра, 8-кылым, Гокуракудзи, Энгакудзи 13-к ылым, Цуругаока Хатимангу, 1063—1828, бардыгы жыгачтан салынган) сакталган. Шаар сёгундардын борбору катары 1192-жылы негизделген. Кино, машина куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Музейлер (улуттук байлык, заманбап иск усство), көркөмколдонмо буюмдар, сувенирлер өндүрүшү бар. Буддисттердин зыярат борбору. Деңиз курорту. Туризм (жылына 20 млнго жакын туристтер келет) өнүккөн.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)