Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Калыңдын акчасы

Хандын салыкчылары келип, Апендинин үйүнө учук койбой бүт шыпырып алып кетет. Ошондо да бечара Апенди салыктан таза кутулбай миң теңге төлөмөрү калат. Апендини хандын алдына айдап барышканда, хан сурайт: - Кантип эле үйүңдө дагы эчтеме калбасын? Калгандыр?! - Калды, ханым, калды! - деп, Апенди чебеленип жиберет. - Ошондой дейм да! Дагы эмнең калды? - Миң тенге! Бирок ал акча меники эмес, аялымын акчасы. - Шарыят боюнча аялдын акчасы эрине таандык.

Азыр бар да, миң теңгеңди быякка алып кел. - Алып келе албайм, ханым. - Кандайча? - деп, тиртейе түшөт хан. - Ал миң теңгени мен аялымдын калыңына бермек элем, эмгиче бере албай карыз болуп жүрөм, - дептир Апенди.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)