Калык Акиев(1883-1953)

Калык Акиев(1883-1953)Ал - кыргыз элинин ак таңдай төкмө акындарынын бири. Акындын жаш кези катаал заманга туш келди. Ал кезде көчмөн кыргыз эли үчүн эгиндин бир кочушу - кой, бир табагы - тай болуп, ачарчылыкка көп учурашкан. Колунда жок кембагалдар жан сактоо үчүн малай болуп, өлбөстүн оокатын көрүшкөн.

Мына ушундай оор турмушту Калыктын атасы Акы жана апасы Зулайка да баштарынан өткөрүшкөн. Чиедей балдарын эптеп багып чоңойтуш үчүн усталык жайы бар Акы боз үйдүн уук, кереге, түндүк каалгаларын жасаган, мергенчилик да кылган. Жаш балдарын жетелеген Акы өзү жүргөн Тогузторонун бир топ жерлерин кыдырып, көп кыйынчылыктарды башынан өткөрөт.

Түбөлүктүү турууга шарт болбогондуктан жылаңайлак, жылаңбаш дайра кечип, тоо ашып, дал он беш күн жол басып Кетмен-Төбөгө келишет. Ал жерде жер кепе казып, жети жыл оокат өткөзүшөт. Жер кепедеги турмуш акындын Жер кепеде өткөн күн деген ырында айтылат:

Карагайлуу өтөккө,

Казып кирдик жер кепе.

Бары-жогун билгизбейт,

Балдары бар эрмекке,

Терезе жок тешик бар.

Каалга жок эшик бар.

Шамал айдап шаштырып,

Кепеге толот жааган кар.

Калык жакырчылыктын айынан эрте эмгектене баштайт. Жети жашынан козу багат. Тогуз жашка келгенде чыйрак бала Калык манапка чабандес болот. Бара-бара көп нерсени баамдап, кыргыз элинин Бекназар, Эсенаман, Жеңижок, Ныязалы өңдүү атактуу ырчы-комузчуларын көрүп, алардан үлгү алат. Ырчылык өнөр барган сайын Калыкты өзүнө тартат. Кийинчерээк өзү да жамактап ырдоого өтөт.

Малайлыкка алган акысына комуз сатып алып, комуз черткенди үйрөнөт. Акын Октябрь революциясына чейинки чыгармаларында көкөй кескен жокчулукту, элдин оор абалын ырга салган. Ал өзүнө окшоп жалдырашып байларга жалчы болгон, бүтүн жанды кемитип жарты болгон кембагалдардын катаал турмушун, көргөн кордуктарын ырдаган. Жаңы замандын алгачкы күндөрүнөн тартып эле жаш акын белине комузун байланып, конуп-түнөп айыл кыдырып, жаңы заманды ырдаган Улуу жарчысына айланат.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Калык башка төкмө акындарыбыз менен бир катарда жалындуу патриоттук ырлары менен ооруктагы элди каармандык меңен эмгектенүүгө, жоокерлерди эрдикке шыктандырган. Акындын чыгармачылыгынын дагы бир өзгөчөлүгү оозеки мурастарды сактап, элибизге тартуулагандыгында. Жаныш-Байыш, Курманбек, Кедейкан сыяктуу дастандар акындын айтуусунда жарык көрдү.

Ал таланттуу акын, ырчы гана эмес, ошондой эле чебер комузчу да болгон. Токтогулдун, башка акын-комузчулардын ырларын, күүлөрүн жыйнап кагаз бетине түшүрүүдө да анын эмгеги зор.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)