Калык Акиев

Калык Акиев (1883-1953-жылдын 3-ноябры) - кыргыздын атактуу акыны.

1883-жылы Жумгалдын Кара-Ой деген жеринде кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Калыктын улуу Токтогулга жолугушу, андан үлгү алышы — анын шыгынын артылышына чоң таасир эткен. Айыл кеңешинин төрагасы, филармонияда артист болуп иштеген.

Акындын чыгармалары Совет бийлиги орногондон кийин жарык көргөн. Биринчи ырлар жыйнагы «Калыктын ырлары» деген наам менен 1936-жылы китеп болуп басылып чыккан. Анын айтуусу боюнча «Жаныш-Байыш», «Курманбек» өңдүү элдик дастандар 1938-жылы жарыяланган. Өмүр жолун баяндаган «Баскан жол» деген көлөмдүү китепти эскерме катары жазып калтырган.

Кыргыз маданиятын өстүрүүдө сиңирген эмгеги үчүн К. Акыев Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган. Ага 1939-жылы «Кыргыз ССРинин эл артисти» деген наам берилген.

Орустун улуу педогогу К. Д. Ушинский "эл канчалык көп убакытка жашаса, элдик тарбиялоо да ошончо убакыт кошо жашап келген" деп туура белгилеген. Элдик педагогиканын изи тарыхтын байыркы тереңине сиңип кетет. Демек биринчи педагогиканын элементтери элдин турмушунан, жашоосунан алынган. Өзгөчө кыргыздын төкмө ырчылары өз мезгилиндеги элдин ой санаасын, идеасын, жашоо турмушун жана элдик тарбияны өздөрүнүн чыгармаларында жана элдик оозеки чыгармачылыктын башка үлгүлөрүндө чагылдырышкан. Алардын аткарган түрдүү багыттагы чыгармалары өзгөчө тарбиялоонун жана элдик тажрыйбанын эң мыкты үлгүлөрү десек жаңылышпайбыз. Кыргыз элинин чыгармачылыгын изилдеген, алардын өмүр жолуна баа берген В. Радлов "кара кыргыздардын ырчылары башка уруулардын ырчыларынан артыкчылык кылат" деп бекеринен белгилеген эмес. Эл өзүнүн оозеки элдик чыгармачылыктын чеберлери Калыгул, Арстанбек, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Токтогул, Эсенаман, Найманбай, Эшмамбет, Калык сыяктуу ырчыларын ардайым баалап келишкен. Мына ошол кыргыздын көрүнүктүү залкар акындарынын бири Калык Акиев да эки доорду көргөн, ырчылык татаал жолду басып өткөн, калтырган мурасы түрдүү тематикадагы эпикалык чыгармалардан, поэма жана ар кыл мазмундагы ырлар, айтыштардан турган.

Ысмайыл Борончиев Калыкка арнаган ырында:

Замандаш акындары Калыкты "эски замандын кенже баласы, жаңы замандын алпы" деп аны пир тутушкан.

Билим берүү жана тарбиялоо, педагогикалык ойлору анын чыгармаларында баяндалып, азыркы элдик педагогиканын ойлору менен дал келет, алардан жалпы тарбиялоодогу окшоштуктарды көрүүгө болот. Калык Акыев билим алуу аркылуу гана турмушту өзгөртүүгө боло турганын түшүнгөн. Акын өзүнүн ырларында эмгектин зор ролун түшүнгөн санат, насыят, терме ырларында жаштарды ак-ниеттүүлүккө, тууралыкка жана эмгекке чакырган. Баласы Акыев Салмоорбектин эскерүүсүндө 1919-жылы Калык Алматыда өтө турган Жети-Суу областынын 1-съездине делегат болуп барат. Аны менен кошо Ысак Шайбеков, драматург Токтоболот Абдымомуновдун атасы делегат болуп барат. Шаар көрүп, сумка асынган гана элдин көзүн ачууга боло турганына акындын көзү жеткен да мындай деп айылдаштарына кайрылган:

Өз жерине Жумгалга келгенден кийин, өзүнүн баардык малын сатып, мугалим жалдаган, мектеп уюштурган. Калык тарабынан уюштурган бул мектеп Нарын өрөөнүндөгү мектептердин алгачкыларынан, мектептин бул имараты 1985-жылга чейин турган.

Калык Акыевдин келини педагогика илимдеринин доктору, профессор Магрифа Рахимовнанын айтуусунда Калык чыгармалары менен гана тарбияга, билим алууга чакырбастан, иш жүзүндө 12 жетим баланы багып чоңойткон жана тарбиялаган, аларга билим алуусуна жардам берет.

Улуу устаттан, улуу шакирт калат. Токтогулдан Эшмамбет, Калык. Калык чоң устат катары Осмонкул, Ысмайыл, Сарыкунан, Каракунан, Токтосун, Эстебес, Токтонаалы жана башкаларды тарбиялаган жана өстүргөн, өзүнүн "Калыктын мектебин" түзгөн. Ал өзүнүн ырчылык өнөрүн аны үйрөнүп үлгү алууга аракет кылган жаш таланттардан аянган эмес. Берилген же болбосо таланттуу деген балдарга жардамын барген.

Кыргыз Республикасынын баатыры Сабира Күмүшалиеванын айтуусунда СССРдин эл артисти Муратбек Рыскуловду да театрга киргизген адам болгон. Убагында ал Осмонкул, Сарыкунан, Каракунан, Токтонаалы сыяктуу ак таңдайларды ыр жагынан, ырчылык өнөрдү кесип кылып алууда чоң жардам берген жана таасирин тийгизген. Бекеринен Токтосун Тыныбеков мындай деп ырдаган эмес:

1920-жылдары Калык Осмонкулга кезигет. Бул мезгилде Осмонкул агасы Сүйүнбай ажы тарабынан эл арасында ырдоого тыюуу салынып, чыгармачылыгы ачылбай айылда жүргөн мезгили болчу. Калык Сүйүнбай ажыга кезигип Осмонкулдун келечеги кең болорун айтып түшүндүрүп, аны өзү менен кошо ала кеткен. Калыкты дайыма Осмонкул "Окуучуң элем, устатым, мугалим" - деп сыйлаган. Ошондуктан айтыштардын биринде Осмонкул Калыкка төмөндөгүдөй мүнөздөмө берген:

Калык Сарыкунанды да кылдаттык менен таптаган. Акын Сарыкунан - Сагынбек Дыйканбаевдин эскерүүсүндө, Калык аны менен 1910-жылы жолугушуп, аны да өзү менен кошо ала келген. Сарыкунанды алып келген мезгилде Калыктын колунда да бир окуучу Кочкорлук Кемел деген жигит болгон. Турдубай Абдракуновдун эскерүүсүндө Сарыкунан Калык менен төмөндөгүдөй таанышкан:

деп ырчылык өнөрдүн сырларын үйрөтө баштаган. Бул эки балага да атты өзү Каракунан, Сарыкунан деп койгон. Сарыкунан алым сабак үйрөткөнүн төмөндөгүдөй эскертет:

Мисалы, Калык: "Балам, атагын чыкты Сарыкунан"- десе, "Ой аман бол, Жумгал көп тууган",- деп айтам, "Балам, арзып келдиң эле Жумгалга",- деп Калык айтса, "Мен аягы Мерке, Ак-Суудан",- дейм "Ой мен Сарыкунан жаш бала",- деп улантып турчумун дейт.

Кыргыз жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиев да өзүнүн эскерүүсүндө Токтогулдай уста, Калыктай шакирт жөнүндө, Калыктын Сарыкунанды ырчылыктын "алиппесинен" батап, жөнөкөй жөө жомокторду, элдик сүйүү ырларын кулакка куюп, алым сабак айтышы менен жамактатып ырдоого көнүктүргөнүн баса белгилеген.

Ал эми Белек Осмонкуловдун эскерүүсүндө Калык түштүк жакка гастролдоп барат, ал жердин Жаңы–Жол районунун Тегене айылында клуб башчысы болуп иштеген Токтосун Тыныбековду таап келгенде "Осмонкул, мен олжо менен кайттым, мени куттуктап койсоң болот, олжом ырчы балалуу болуп келдим»,- дейт. Калык менен Токтосун кезигишкенинде Калык Токтосунга мындай деген:

деп ырчылык татаал кесипти үйрөтө баштаган.

Ал өзүнүн шакирттерин кылдаттык менен таптаган. Аларды чоң чабыштарга алып чыгуудан мурда, аларды өзү мурда угуп, андан кийин 2-3 кишиге, кемпир-чалдарга ырдатып көрүп, андан кийин гана чоң аш тойлорго, аудиторияга алып чыккан.

Калык төкмө акын болсо дагы, калемди жашы 45терге келип калгандан кийин кармап, чыгармаларынын жана элдик оозеки чыгармалардын өзү билген баардык үлгүлөрүнүн элге керектүүлүгүн сезип, тарбиялык, педагогикалык маанисин эске алып, кагаз бетине түшүрө баштаган. Өзгөчө Токтогул Сатылганов, Жеңижок, Эшмамбет сыяктуу өткөн кылымдын залкар ырчыларынын жазылбай калган мурастарын кагаз бетине түшүрүүдө тоодой эмгек кылган.

Алтургай Эстебес Турсуналиевдин айтуусунда акындар гастролго чыккан мезгилде көпчүлүк ырлардын тексттин жазган, ал ырларга Жумамүдүн Шералиев обон чыгарган. Ошол мезгилдеги кат тааныбаган аксакалдарга кат таныткан да Калык болгон.



Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)