Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Калыбекова Чынар

Калыбекова Чинар Сеитбековна - акын, драматург, дастанчы жана актриса. Кара-Буура районунун Шекер айылында 1961-жылы 19-апрелде туулган. 1978-жылы Шекер орто мектебин, 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы эки жылдык театралдык студияны аяктаган.

Эмгек жолун М. Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында иштөө менен баштаган. Ошол театрда эмгектенип жүрүп Ташкендеги Н. Островский атындагы театралдык институтун жана Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун «Актер, театр жана кино» бөлүмүн сырттан окуп бүтүргөн. Ар түрдүү драмалык, трагедиялык, сатиралык жана комедиялык пландагы каармандардын образдарын бирдей деңгээлде түзө билген кеңири диапазондуу актриса.

Кыргыз драматургдарынан баштап, орус, чет элдик классиктердин, белгилүү драматургдардын чыгармаларынан жаркын образдарды жараткан. Кыргызфильм жана телефильмдерде бир топ эмгектерди жараткан. 1995 - жыл өткөн "Манас - 1000" улуу мааракесинде Умай энени ойногон.

«Мажүрүм тал», «Эне мээрими», «Биздин кыздар» аттуу чакан новеллалары, «Жалгыздык», «Тунуктун ыры», «Сезимде калган сыр» аттуу ырлары райондук гезит-журналдарга, республикалык «Ленинчил жаш», «Кыргызстан маданияты» гезиттерине жарыяланган. Ч. Калыбекова ошондой эле жазган ырлары аркылуу кыргыз элине улуу эмгектерин калтырган Залкар инсандарды көп учурда эскерип, аларга арноо ырларын, поэмаларды жазып келет.

Аларга: Жүрөктөр ыйлап турат (СССРдин эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевге), Төрөгүн уулду Чынгыздай (Кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Айтматовго), Бири кем дүйнө (Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевге), Устатым узун өмүр жашасын (Кыргыз эл артисти Гулшара Дулатовага), Кетти Залкар... (СССРдин эл артисти Капар Медетбековго), Сен кеткенде (Төкмө акын Майра Керим кызына), Сендеги талант келген улуу тоолордон (белгилүү сүрөтчү Шарип Жайлообаевге), Карагердей жулкунган кайран гана 34 – жаш (Акын, драматург Жоомарт Бөкөнбаевге), Соң – Көл чүрөгү (Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген арт. Таттыбүбү Турсунбаевага), Алп өнөрдүн чыгааны (КРнын эл артисти, режиссер Алмаз Сарлыкбековго), Ырларың да муңканып сени жоктойт... (КРнын эл артисти Апаз Жайнаковго), Кайран Бакен... (СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеевага), ж. б. д. у. с. ырлары, поэмалары кирет.

1983 – 1987 - ж. ж. Кыргыз Мамлекеттик Т. Сатылганов атындагы Филармонияда Фольклордук ансамблде солистка болуп иштеп, ырчы катары таанылды. Кыргыз аялдарынын ичинен чыккан биринчи дастанчы жана казалчы. Ошондой эле Чыгыш бийлерин өзгөчө мыкты өздөштүрүп, көрүүчүлөргө тартуулаган кыргыз кыздарынан чыккан биринчи бийчи катары да белгилүү. Мис: "Козу Көрпөш - Баян сулуу", "Эр Табылды", "Өрүк комуз", "Олжобай менен Кишимжан", "Курманбек", "Аксаткын менен Кулмырза", "Көксулуу", "Айсары кыздын арманы", "Эненин арманы", "Эне жүрөгү", "Бир махаббат арманы", "Кайран эл", "Бийлик - бийлик", "Сагын эненин арманы", "Кыз Сайкалдын арманы", "Таштанды кыздын арманы", "үмүтай кыздын зары", "Заман ай", "Кумурсканы майда деп...", "Мидинге кат", "Алтындын арманы", ж. б. дастан – казалдары угуучулардын арасында терең тараган жана эл сүйгөн чыгармалардан болгон.

Анын аткаруусундагы чыгармалар Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынып, жыйырмадан ашуун обондуу ырлары нотасы менен «Жүрөктөгү сыр» аттуу ырлар жыйнагында камтылган.

Драмалары орус, тажик, казак, ж. б. тилдерге которулуп, «үмүт» драмасы Таджикстан Республикасынын С. Вали - Зааде атындагы Куляб облустук театрында коюлган.

Кыргыз тилинде

Кыргыз Улуттук Академиялык драм театрында (1978-80-ж.)

М. Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрында

Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз Мамлекеттик Жаштар театрында

Кинодо:

Ч. Калыбекованын обондуу ырлары

ДРАМАЛАРЫ:

Сценарийлер:

Кайталангыс министр эжем. (К. Кондучалованын 90 - жылдыгына),

Ханышасы чоң сахнанын... (Бакен Кыдыкеева 90 – жашта),

Сахнада жанган жылдыздар (КРнын эл арт. Б. Алиев 80 - жашта, К. Курманалиева - 75 - жашта),

Элим деп күйгөн жүрөк (Насирдин Исановдун 70 - жылдыгына карата),

Тилиңди сакта - кыргызым! (Кыргыз тилин өнүктүрүү, Тил күнүнө 22-жыл),

Котормолору:

Орус тилине которулган драмалары:

Комментариев: 3 RSS

1 Калыбекова Чынар. Актриса, акын драматург 29-09-2017 06:49

Мүмкүн болсо бул сайтта иштеп жаткан кыз жигиттер мага аты жөнүңуздөрдү айтып кое аласыздарбы. сунушум бар эле.

Саламатсызбы Чынар эже, кандайсыз, сүрөтүңүздү support@tyup.net жөнөтүп коёсузбу кошуп коёлу

2 Чынар Калыбекова 24-10-2017 23:48

Рахмат сиздерге. Азыр жөнөтөм. Бүл жөнүндө мен бүгүн эле дагы сунуш жөнөттүм эле.

3 Калыбекова Чынар. Актриса, акын драматург 01-11-2017 03:03

Рахмат балдар. Сүрөттү жакшынакай кылып коюп коюпсуңар. Ачкан киши сүрөттөн анан жылынан билип, тааныбаса, аты, фам, окшоштор абдан көп экен. Эми таанып олтурам. Силер мен билген эле "Түп сайты" турбайсыңарбы. Аман - эсен жатасыңарбы? Ишиңерге ийгилик иштермандарым. Силердин эмгек абдан зор. Ийгилик каалайм.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)