Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Калмурза Сарпек уулу

Ырыстуу элдин алдына
Ырчы келет какылдап.
Ырысы жок адамга
Доочу келет шакылдап.

Ырчынын сыны ыр болот,
Ырдап кеткен жерине
Ырыс менен кут конот.
Күлүк кетсе из калар,
Күлдү журтта сөз калар,
Күйүт түшсө калкыңа,
Кадеми арткан пашага,
Калка болуп ким барар,
Айласын анын ким табар.
Торконун көркү уз болот,
Тойдун көркү сөз болот,
Тополоң түшкөн эл болот,
Азамат көркү ат болот,
Адырдын көркү мал болот,
Аштын көркү туз болот,
Айылдын көркү кыз болот,
Жайлоонун көркү жаз болот,
Жаман адам коркулдап,
Өз элине кас болот.
Сынчынын сөзү сын болот,
Ырчынын көөнү ыр болот,
Көкүрөгү көрбөсө,
Көз көрүүдөн не пайда.
Өскөн элин көрбөсө,
Өзгөрүүдөн не пайда.
Өнөр, билим билбесе,
Өзгө уруудан не пайда.
Жайгаштыруу: 2017-08-23, Көрүүлөр: 746, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо