Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Калктуу жерди абаттоо

Калктуу жерди абаттоо — адамдын жашоосуна ыңгайлуу, жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган чаралар жыйындысы. Өнөр жай курулушунун улам өсүшү, транспорттун көбөйүшү калктын ден соолугуна, турмуш - тиричилигине, айлана-чөйрөгө жагымсыз таасир тийгизбей койбойт. Өнөр жай жана ичинен күймө кыймылдаткычтар бөлүп чыгарган таштандылар, транспорттун интенсивдүү кыймылы калктуу жердин санитария-гигиеналык шарттарын начарлатып, абаны, турак жайды, тиричилик буюмдарын булгап, ызы - чууну көбөйтөт. Бул факторлордун адамга тийгизген жагымсыз таасирин алдын алуу же азайтуу үчүн пландалган жана санитария-техникалык чаралар комплексин ишке ашыруу зарыл. Пландалган чараларга калктуу пункттарды туура жайгаштыруу, санитариялык коргоо зонасын түзүү жана башка кирет. К. ж. а-до маданий-тиричилик имараттарын куруу менен ал жерди жашылдандыруу, коммуналык жактан тейлөө (жылытуу, электр газы жана башка менен камсыз кылуу) чоң мааниге ээ. Санитария-техникалык чараларга суу менен камсыз кылуу, канализация, ассенизация, таштандыларды зыянсыздандыруу, калк отурукташкан жерлерди тазалоо, дүкөн, дарылоо-алдын алуу, балдар, маданий - тиричилик мекемелерин куруу кирет. К. ж. а-нун эң милдеттүү иши — калк отурукташкан жерлерди, шаардык турак жай райондорун жашылдандыруу. Отургузулган бак-дарактар температуранын төмөндөшүнө, абанын таза болушуна көмөктөшүп, кычкылтек менен байытат, ызычууну азайтат. Орточо шаарлардын (100 миң калкы менен) турак жай райондорунда тигилген бак - дарактардын аянты 1 кишиге 5 м2, ири шаарларда 7мг, курорт-шаарларда 16 мг болушу зарыл.

Турак жай райондорун жашылдандыруу калктын эс алуу шарттарын жакшыртат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)