Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кальян

Кальян — Индиянын батышындагы шаар. Махараштра штатында. Араб деңизинин жээгинде, Улхас дарыясынын чатында жайгашкан. Калкы 1,3 млн (2008, Домбивли шаары менен биригип кеткен). Темир жол тоому. Мумбаи шаары менен темир жол аркылуу байланышат. Чоң Мумбаи агломерациясына кирет. Алгач Биздин заманга чейинки 4-кылымда порт катары эскерилет. 19-кылымдын башында Бомбей провинциясынын курамына (1947—60 Бомбей штатында) киргизилген. Машина куруу (электр жабдуулары), металл иштетүү, нефть ажыратуу, химиялык (боёктор, жуучу каражаттар жана башка), текстиль (кебез-кездеме) өнөр жай ишканалары иштейт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)