Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Календарь

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Календарь

Календарь (латынча calendārium — «карыз китеп», Байыркы Римде карызы барлар календ күндөрү, айдын биринчи күндөрүндө пайыздарын төлөшкөн, саlеndае сөзүнөн — «календдер, рим календарында ар бир айдын биринчи күндөрү») — асман телолорунун (Күндүкү — күн календары, Айдыкы — Ай календары жана Күн-Ай календары) кыймылында негизделген, чоң убакыт аралыктарын эсептөө системасы.

Ошондой эле, календарь деп жумаларга жана айларга бөлүнгөн, ишемби, жекшемби жана башка маанилүү күндөрү белгиленген, жана башка мүнөздөгү маалыматтарды камтыган жылдын күндөрүнүн тизмеси аталат.

Жалпы маалымат

Дубалда календарь илинип турат. Ал бүгүнкү күндү, айды жана жуманы көрсөтөт. Андан эс алууга, жаңы жылга чейин канча күн калгандыгын эсептөөгө болот. Ал, ар бирибизге сөзсүз керек.

Календарь кантип пайда болгон?

Биздин календардын мекени — алыскы Нил дарыясынын жээгиндеги Байыркы Египет. Египеттиктерге Нилдин ташкындоосун эртерээк билүү зарыл эле, анткени ошол күнгө чейин каналдарды тазалап, плотиналарды оңдоо керек болгон. Эгерде Нил дарыясы токтотулбай деңизге агып кетсе, анда кургакчылык болуп, түшүм дээрлик күйүп кеткен. Египеттик жрецтер жайкы эң кыска түндө, таң атар алдында асмандан Сотис (Сириус) жарык жылдызы көрүнөрүн байкашкан.

Дарыя ошол күнү ташыган. Алар Сотистин биринчи көрүнүшүнөн кийинки көрүнүшүнө чейин 365 күн өтөрүн эсептешкен. Аны ар биринде 30 күн болгон 12 бөлүккө бөлүп (биздин азыркы ай системасы), калган 5 күндү жылдын аягына кошушкан. Бизден муруңку календарь мына ушундайча пайда болгон.

Ал абдан жөнөкөй жана ыңгайлуу эле, бирок... Көп өтпөй жрецтер таң каларлык нерсени байкашат: Сотис кечигип көрүнүп жатты! Төрт жылдан кийин Сотистин кечигүүсү суткага жеткен, 8 жылдан соң, дагы бир суткага кечигет... Календарь боюнча жыл өттү, ал эми Сотис көрүнбөдү! Календарь улам алдыга жыла берген. Жрецтер эсебинин катасына түшүнүшүп, жыл 365 күн жана 6 саатка барабар экендигин эсептеп чыгышты.

Айырма аз эле болгону менен төрт жылда бир сутканы түзөт. Ошондой болсо да египеттиктер өздөрүнүн календарына түзөтүү киргизишкен эмес. Көп убакыт өткөн соң биздин заманга чейинки 46-жылы рим императору Юлий Цезарь египет календарына түзөтүү киргизген. Юлий календарында — аны ушундай деп атай башташкан, айдын узундугу бирдей эмес: биринде 30, экинчисинде 31, ал эми февраль айы бар болгону 28 күндөн турат. Бул эң кыска календарь алдыга озуп кетпес үчүн төрт жылда бир күндөн кошуп турушкан. Мындай жылды узак жыл (же толук жыл) деп атайбыз, ал 366 күндөн турат. Азыр биз пайдаланып жүргөн календарь ушундайча пайда болгон. Бирок бул календарь деле анча так эмес эле. Анткени кылдат эсептеп көргөндө жылдын узундугу 365 күн, 6 саат эмес, 365 күн, 5 саат 48 мүнөт 46 секунд экендиги аныкталды.

Мындай караганда 11 мүнөт 14 секундда анчалык деле айырма жоктой. Бирок бул айырма 400 жылда үч сутканы түзүп, календарь артта кала баштайт. 1582-жылы рим папасы Григорий XIII календарга жаңы түзөтүү киргизген. Муруңку Юлий календарын пайдаланган бүткүл Европа эли (Россиядан башкасы) ошол жаңы календарды пайдалана баштаган. Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийин 1918-жылы советтер өлкөсүндө жаңы календарь киргизилген жана бул календарь бүгүнкү күнгө чейин колдонулууда. Ушул мезгилде Юлий жана Григорий календарларынын ортосундагы айырма толук 13 күнгө дал келип калган эле. 1918-жылы 31-январдан кийин дароо 14-февраль башталган.

Жаңы календарь деле анча так эмес. 3300 жылда убакыт бир суткага көбөйөт экен. Азыр календардын бир кыйла тагыраак жана өркүндөтүлгөн долбоору иштелип жатат.

Кыргыздарда

Кыргыз элинде Октябрь революциясына чейин Ай календары колдонулган. Кыргыздар ар бир айды ага мүнөздүү аталыштар менен атап келишкен.

Алардын айрымдарына токтолсок: мисалы, июль — баш оона (учурда Теке, бул аталыштар Кусейин Карасаев тарабынан туураланып, европалык календарга тогоштурулгандан кийин ушундай болуп өзгөргөн). Анын мындай аталып калышынын себеби, илгери биздин ата-бабаларыбыз турмуш-тиричилигин негизинен боз үйдө өткөргөнүн силер жакшы билесиңер. Бул айда күн бир аз кыскарып, түндүктөн чак түштө коломтого тике түшкөн күндүн нуру эми оонай баштады дегенди билдирген. Августту болсо — аяк оона (учурда Баш Оона) дешкен. Анткени 18-августтан жай чилде чыгат.

Чилде чыккандан күндүн илеби кайтып, күн бир аз кыскарып, күздүн белгилери башталат. Баягы жайында коломтого тике түшкөн күн нурунан эми такыр дайын жок. Сумбула жылдызы 18-августтан кийин чыгып, бир жумача көрүнүп туруп эле жок болуп кетет. Сумбула жылдызы чыгаарга жакындашып калганда биздин ата-бабаларыбыз сөзсүз башка жакка журт которушчу экен. Үчтүн айы (учурда Бештин айы) деп аталган декабрда токсон (кышкы суук күндөр) түшүп калган. Ошон үчүн үчтүн айы жаңырды, үшкүрүп шамал чамынды, үрөйү суук токсон чал үйүңдөн сурайт алыңды деп айтышкан. Бирдин айы (учурда Үчтүн айы), башкача айтканда январда кыш чилдеси башталган. Калган ай аталыштары тууралуу улуу адамдардан сурап же болбосо Кыргыз элдик календары, Кыргызча мезгил ай бөлүкчөлөрү макалаларынан окуп билсеңер болот. Байыркы тарыхый булактар биздин ата-бабаларыбызда илгертеден эле туруктуу календары бар экендигинен кабар берет. Элибизде ай календарына өзгөчө маани берилип, турмуш-тиричиликте кенири колдонулган. Календарь, жыл эсеби же жылнаама жөнүндө маалымат толуктоолор болсо билдирип койгула.

Жайгаштыруу: 2018-04-02, Көрүүлөр: 4775, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-03-06
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо