Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Кальциноз

Кальциноз — организмдин орган жана тканына кальций тузунун топтолушу. Картаң кишилерде акиташ коко жана кабырга кемирчектерине чогулат. Чогулган жерине жана мүнөзүнө жараша дистрофиялык, метастаздык, метаболиялык болуп бөлүнөт. Дистрофиялык К. ткандардын кээ бир жеринде зат алмашуу бузулганда, көбүнчө ткань дистрофияга учураганда жана чиригенде байкалат. Метастаздык К - до кальций алмашуусунун бузулушунан канда кальцийдин концентрациясы көбөйөт. Мисалы, сөөк ткандарын бузуучу процесстерде (Остеомиелит, миелома жана башка) кальций туздары канга чыгып, андан өпкөгө, карындын былжыр челине, миокард, бөйрөк, артерия капталдарына чөгөт. Метаболиялык К. канда кальцийдин концентрациясы ашыкча болбосо деле пайда болот. Ал көбүнчө териге, тери алдындагы клетчатка, булчуңдарга, муундарга жана башка ткандарга топтолот.

Дарылоо К-ду пайда кылган себептерге жараша жүргүзүлөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)