Каламантаг акиташ кени

Каламантаг акиташ кени Ош облусунун Кара-Суу районунда, Ош шаарынан 15 км батыш тарапта, Каламантаг тоосунун түштүк капталында жайгашкан. 1954-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын девон мезгилинде пайда болгон акиташ, сланец, кумдук тектери түзөт. Пайдалуу катмардын калыңдыгы 87 м, узундугу 3,5 км. Акиташ теги боз, агыш түстө. 1 кг акиташтан 2,2 л эринди алынат, ал 2 минда өчүп, 88°Сге чейин ысыйт. Акиташ тегин 1230°С температурада бышырса аз магнезиялуу 1-сорттогу акини алууга болот. Запасы А категориясы боюнча 2368 миң т, В – 514 миң т.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)