Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Калайлоо жана калмак өрүш

Калайлоо — «Жалгыздын куюшканын калайлап, Мен куда болуп мал айдап» («Саринжи-Бөкөй»). Бул — бир эсептен данакерлөө. Күч келүүчү буюмдар калайланбайт. Ташкалай анча эрибейт. Усталар мындан көз-көз ат жабдыктарынын шөкөттөрүн, чач тарактарын кармаган. Илгери ачуу ношотур Кашкар тараптан келүүчү. Чоюн казандын сыныктарын чогултуп, көрүккө коюп эритип, калыбына салып, андан буурусунга тиш куя турган.

Бул — зергерчиликте колдонуучу күмүш түстүү жука, жумшак, каңылтыр металл. Калайлоо — муну менен буюмду же идишти чайкоо, «Жылтыраган калайлуу, Сандык сатты кайран эл»» (Ысак Шайбеков).Калмак өрүш — жөнөкөй өрүмдүн эң эски ыкмаларынын бири. Ага он эки көктүн үстү-астына бирден тал «аркак» болуп түшүп отурат да, бир кыр чыгат. Мында «куюшкандын кошундусуна» чеберлер жыйырма төрт тал тилет. Анын кандай жупталып кеткени жиксиз болот. Өрүмдө тал кайышты тоголок кылыш керек. Андыктан сууга салып, «сыдыргыдан» өткөрүлөт.

Калмак өрүштүн экинчи түрүндө аны эки талдан алты кыр чыгарып өрүүгө болот. Ат жабдыктарына кайышты бир метр 30 см. кылып тилсек, өргөндө токсон см. ге кыскарат да, ал орточо токулгага чак келет. «Калмак өрүмдөн» «калмак байлоо» деген келип чыгат. Чебер тилинген көктү жумурулап, тоголок эшип алат. Аны өткөрүштүрүп байлап отурат. Мындай караганда «чаян түйүштөй» буга «түйүм өрүм» окшошот. Ал — «өткөрүп түйүп» өрүү. Мунун көгү эки бүктөлүп, бири-бирине каршы өткөрүлүп түйүлөт.

Булардан «калмак байлоо» түйүмү татаал келет. Буга, үндөш «жарым өрүмгө» тогуз тал кайыш тилинет да, буюмга карата ал жазы да, ичке да болушу тийиш. Ат жабдыктарынын жүгөн, куюшкан, көмөлдүрүк, басмайыл, чаболон өңдүү бөлүктөрүн жалпысынан «калмак өрүм» деп да атайт. Анткени, өрүмдөр жазы болот да, бир бүтүмдү түзөт. Бирок, калмак өрүмдүн камчы өрүмгө таандык түрү да бар. Өрүмчү кайыштан сегиз тал тилет да, өрүмү төрт кыр болуп түшөт. Аны айрым жерлерде «казак өрүм» деп аташат. Чынында мындай көркөмдүктү нарындыктар, ат-башылыктар «суйсал» дейт. Өрүмү даана көрүнүп, урунууга бышык болот. Андан сегиз тал төрттөн экиге бөлүнөт да, өрүмү оңдон-солго эки четинен башталат.

Эки тал каттай түшүп, бир талы кайра үстүнө чыгат. Өрүмчүлөр «суйсалды» көбүнчө өзү ийлешкен ак кайыштан өрүшкөн. Ал кезек-кезек өтүшүп, камчы өрүмдү да элестетет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)